Боронов Борбор Азия экономикалык форумунун жыйынына катышууда

Боронов Борбор Азия экономикалык форумунун жыйынына катышууда
16-Март 2019, Ишемби, 11:28

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Өзбекстандын Ташкент шаарында Борбор Азия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Боронов өз сөзүндө белгилегендей, биздин алдыбызда өлкөлөрбүздүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарын жаңы деңгээлге чыгаруу милдети турат.

«Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык потенциал толук кандуу пайдаланылбай жатканын эске алуу менен товар жүгүртүүнүн көлөмү көптөгөн жылдар бою жетишсиз жогорку деңгээлде калууда. Бул өңүттөн алганда бүгүнкү Форум Борбор Азия аймагында соода-экономикалык алакаларды өнүктүрүүнүн көйгөйлүү маселелерин чечүү максатында «акыл чабуулу» үчүн жакшы аянтча болуп саналат. Ага тараптардын мамлекеттик органдарынын гана эмес, бизнес-коомчулук өкүлдөрүнүн катышып жатканы кубандырат», – деди биринчи вице-премьер-министр.

Боронов баса көрсөткөндөй, Форумдун алкагында өткөрүлгөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн кооперациялык биржа жана товар өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларынын көргөзмөсү сыяктуу иш-чаралар маанилүү болуп саналат.

Мындан тышкары биринчи вице-премьер-министр кооперациялык байланыштарды инвестициялык кызматташууну өнүктүрүү, продукциялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу эки өлкөнүн экономикасын ийгиликтүү өнүктүрүүдө негизги мааниге ээ экендигине көңүл бурдурду. Кыргыз тарап ички аймактык сооданы бекемдөө жана товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн агымына тоскоолдуктарды кыскартуу маселелерине басым жасоого чакырат. Борбор Азияда өндүрүлгөн товарлар алыскы чет өлкөлөрдөн ташылган импорттук продукцияларга салыштырмалуу Кыргызстандын жана Өзбекстандын базарларында артыкчылыкка ээ болууга тийиш.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!