Баткен-Исфана-Баткен авиакаттамы уюштурулду

Баткен-Исфана-Баткен авиакаттамы уюштурулду
16-Март 2019, Ишемби, 11:50

Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу өкмөт тараптан Баткен-Исфана-Баткен авиакаттамын уюштуруу чечими кабыл алынды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, авиакаттам бүгүн, 16-мартта саат 13:00дөн баштап уюштурулду. Учуу убактысы 30 мүнөт.

Мындан тышкары, Бишкек-Исфана-Бишкек авикаттамы жумасына үзгүлтүксүз бир жолу (дүйшөмбү күнү) учат.

"Азыркы учурда өкмөт тараптан Бишкек-Исфана-Бишкек авиакаттамын жумасына үзгүлтүксүз эки жолу (дүйшөмбү, жума күндөрү) уюштуруу маселеси иштелүүдө",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган авиакаттамдар «Тез-Жет» авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат. Авиабилет баасы: 4 жашка чейин акысыз, 12 жашка чейин 500 сом, чоңдор үчүн 1000 сом.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!