Таласта чек ара кызматкерлерине турак-жай тапшырылды

Таласта чек ара кызматкерлерине турак-жай тапшырылды
26-Март 2019, Шейшемби, 17:26

Талас облусунда жумушчу иш сапары менен жүргөн Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 26-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынын 2029-бөлүгүнө барып, чек ара кызматкерлерине жаӊы курулган көп батирлүү турак жайды тапшыруу аземине катышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, төрага чек арачылар менен алардын үй-бүлөлөрүн жаӊы батирлүү болушу менен куттуктап, азыр мындай турак жайлар ордо калаада эле эмес, өлкө аймактарында да курулуп жатканын белгиледи.

«Чек арачылардын жумушу оор, кыйла кооптуу, бирок алардын күжүрмөн аракетинин аркасында биз туруктуу жагдайда жашап келебиз. Силер Кыргызстанда тынч абалдын туруктуулугу үчүн өз өмүрүӊөрдү тобокелге салып жатканыӊарды жакшы билебиз. Күч органдары, мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер менен дарыгерлер үчүн турак-жай куруу салты мындан ары да улана турганына тереӊ ишенем», - деди Жумабеков.

Спикер Мамлекеттик чек ара кызматкерлерине жаӊы батирлердин ачкычын, ошондой эле балдар аянтчасынын курулушу үчүн 100 миӊ сомдун тастыктамасын тапшырып, чек арачыларга бакут турмуш, ишинде ийгиликтерди каалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
 Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
 Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
 Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду