Алайда жер көчкү жүрүшү ыктымал

2-Май 2017, Шейшемби

Алайдын Курулуш айылында жакын арада жер көчкү жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, аталган райондун Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагында 1-май күнү саат 10:00 чамасында Курулуш айылында жаңы жер көчкү активдешип, 3 метр сүрүлгөн. Узуну 300, туурасы 100, бийиктиги 5 метр, көлөмү болжол менен 150000м³. 2 турак үйгө 200 метр алыстыкта жүрүп, кооптулук жараткан. Коркунуч келтирилген турак жайлардын тургундары айыл аймак тарабынан туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн.

“Жер көчкүсү канчалык деңгээлде кооптуу экенин аныктоо үчүн, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, мониторинг департаментинин өкүлү тарабынан изилдөө иштери жүргүзүлүп, көчкүнүн түшүүсү 14 турак үйгө кооптуу экени аныкталган”,- деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле 14 турак үйгө ӨКМдин бирдиктүү кампасынан 5 орундуу 14 даана чатыр, 14 даана тазалык каражаттары жана 14 даана ашкана буюмдарын бүгүн, 2-майда жеткирип берүү жагы каралууда.

Ал эми айыл аймак тарабынан көзөмөлгө алынып, убактылуу коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!