Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келбей калды (видео)

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келбей калды (видео)
13-Апр. 2019, Ишемби, 12:10

Бүгүн, 13-апрелде "Республика" партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов Москвадагы аэропорттон видео кайрылуу жасап, ал Кыргызстанга жакынкы күндөрү келээрин билдирди.

Ал видео кайрылуусунда, өзү үчүн өтө жооптуу жана терең ойлонуу менен чечим кабыл алганын белгиледи.

"Азыр мына түнү менен штаптан мени колдогон адамдар, жетекчилерим мага телефон чалып жатышат. Бүгүнкү күндө сени тосуу боюнча, тынчтык майрам митингинде чоң провакациялар, үчүнчү күчтөр дайындалып жатат деп. Мен үчун Кыргызстанымдагы тынчтык, биримдик жөн эле сөз эмес, ошонун негизинде мен мына 1,5 жылдан бери сыртта жүрдүм. Кыйында болсо чечим кабыл алдым. Мен үчүн менин саясий упай топтоо эмес, силердин ар биринердин жашооңор өтө кымбат урматтуу кыргызстандыктарым. Ошонун негизинде мени колдогон, мага күч-кубат берген, эң чоң менин күчүм силерсиңер. Мен силердин бирөөгө курал болууңарды каалабай турам. Бүгүнкү мени колдоп, тынчтык митингге чыгууну токтотууну суранам. Кыргызстанга тынчтык, биримдик керек. Кээ бириңердин, ишеничиңерди актай албасам кечирим сурайм. Убакыт өткөндө мен ойлойм, тарых өзү баа берет",- деген Бабанов видео кайрылуусунда.

Айта кетсек, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүмү (Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө үндөө) жана 299-беренесинин 1-бөлүмү (улуттук жана диний кастыкты козутуу) менен козголгон.

Ал президенттик кызматка талапкер катары шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө, 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Он-Адыр кичи районунун жашоочулары, негизинен өзбек тектүүлөр менен жолугушкан учурда алардын добушун алуу максатында өзбектердин укугу тебеленип жатканын, мамлекеттик органдар тараптан басымга кабылганын, улуттук теңсиздик бардыгын айтып, буга каршы жигердүү күрөшүүгө чакырганы аныкталганын Башкы прокуратура маалымдаган.

УКМК буга чейин Бабановго козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган. Ошондой эле УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартыларын билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды
Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды
40 миллион адам колу менен кен казат
40 миллион адам колу менен кен казат
Нэна  жолдошу менен эмнеге ажырашканын ачык айтты
Нэна жолдошу менен эмнеге ажырашканын ачык айтты
Өкмөттө 9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгын өткөрүү талкууланды
Өкмөттө 9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгын өткөрүү талкууланды
​Дүйнө футболундагы аталар жана уулдары(сүрөттөр)
​Дүйнө футболундагы аталар жана уулдары(сүрөттөр)
​Конор Макгрегор 14 жыл мурунку карызын берди
​Конор Макгрегор 14 жыл мурунку карызын берди
"Коопсуз шаар" долбоорунун "кооптуу" жактары барбы?
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды