Өмүрбекова Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган акцияга катышты

Өмүрбекова Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган акцияга катышты
13-Апр. 2019, Ишемби, 14:43

Бүгүн, 13-апрелде вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган акцияга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

«Ушул сыяктуу Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган акциялар жыл сайын дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде өткөрүлөт. Алардын негизги максаты – адамдарга спортко, сергек жашоо образына карай болгон мамилени сиңирүү. Ар бир адам ден соолукка умтулат. Бүгүн биз жалпыңыздарды жеке жана жакындарыңыздардын ден-соолугуңуздар үчүн жоопкерчиликти жогорулатууга чакырабыз. Биздин республикабыз дүйнөлүк ааламдашуу процессине ыкчам кошулууда жана заманбап жогорку технологиялар жашоо-шартыбызды жеңилдетти. Буга катар адамдар аз кыймылдап, жогорку калориялуу тамак-ашка ык ала баштады, мунун өзү көптөгөн оору-сыркоолордун келип чыгуусуна шарт түзүүдө. Оорулар жыл өткөн сайын «жашарууда», ошондой эле майыптыктын күч алуусу келип чыгууда. Сергек жашоо образын жайылтуу жана аны кармануу аркылуу бул факторлордун алдын алууга болот», — деп билдирди ал.

Вице-премьер-министр белгилегендей, өкмөт тарабтан 2030-жылга чейинки Калктын ден соолугун коргоо жана саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча «Ден соолугу чың адам – гүлдөгөн мамлекет» программасы бекитилген. Программа көрсөтүлгөн мезгилге дейре ар бир жаран, үй-бүлө жана жалпы коомчулук сергек жашоо образын карманып, ден соолукту чыңдоого умтулуп, саламаттык сактоону башкаруу тутумуна камтылышына багытталган.

Сөзүнүн жыйынтыгында вице-премьер-министр мындай акциялар арбын уюштурулуп, жарандарыбыздын жашоосунун бир бөлүгү болуп калуусуна тилектешигин билдирди.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Дүйнө футболундагы аталар жана уулдары(сүрөттөр)
​Дүйнө футболундагы аталар жана уулдары(сүрөттөр)
​Конор Макгрегор 14 жыл мурунку карызын берди
​Конор Макгрегор 14 жыл мурунку карызын берди
"Коопсуз шаар" долбоорунун "кооптуу" жактары барбы?
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
БУУ: Афганистанда акыркы 10 жылда 75 миңден ашык жаран көз жумду
БУУ: Афганистанда акыркы 10 жылда 75 миңден ашык жаран көз жумду
Колуңуздун абалы боюнча ден соолугуңузду аныктаңыз!
Колуңуздун абалы боюнча ден соолугуңузду аныктаңыз!
Куудул Назира Жетигенова кечээ туулган күнүн өткөрдү
Куудул Назира Жетигенова кечээ туулган күнүн өткөрдү
Дарыларды дрондор тарата баштады
Дарыларды дрондор тарата баштады