Мурат Суталиновдун соту дагы жылдырылды

Мурат Суталиновдун соту дагы жылдырылды
15-Апр. 2019, Дүйшөмбү, 11:43

Апрель окуясына байланыштуу 20 жылга эркинен ажыратылган мурдагы Ички иштер министри, УКМКнын экс-төрагасы Мурат Суталиновду абактан бошотуу тууралуу жактоочулардын арызы Бишкек шаардык сотто каралып, Жаза аткаруу кызмытынын өкүлү келбей калганына байланыштуу кийинки соттук отурум 7-майга жылдырылды. Буга чейин анын ден-соолугунун абалын иликтеген комиссиянын төрагасы Акылбек Усупбаевдин келбей калганына байланыштуу кийинки соттук отурум 15-апрелге калтырылган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын медициналык башкармалыктын башчысы Назгүл Солтобекова, ошондой эле Суталиновдун саламаттыгын изилдеген комиссиянын мүчөлөрү да Суталинов 4-даражадагы рак оорусуна чалдыккандыгы тууралуу медициналык корутундуну тастыкташып, аны абактан дарылоо оң натыйжа бербей турганын айтышкан эле.

8-апрелде Акыйкатчы Токон Мамытов Мурат Суталиновдон келген арызды карап, аны абактан бошотууга чакырган. Анда катуу ооруга чалдыкканына карабай, Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев Кылмыш-жаза кодексинин 71-беренесин (Катуу оорусуна байланыштуу жазадан бошотуу) четке кагып, мыйзамсыз чечим чыгарганы айтылат. Буга чейин Мурат Суталиновдун жубайы Гүлнара Суталинова президент Сооронбай Жээнбековго, Владимир Путинге кайрылуу жасаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жээнбеков «Бир алкак – бир жол» Экинчи форумунун ачылыш аземине катышты
Жээнбеков «Бир алкак – бир жол» Экинчи форумунун ачылыш аземине катышты
Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды
Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды
40 миллион адам колу менен кен казат
40 миллион адам колу менен кен казат
Нэна  жолдошу менен эмнеге ажырашканын ачык айтты
Нэна жолдошу менен эмнеге ажырашканын ачык айтты
Өкмөттө 9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгын өткөрүү талкууланды
Өкмөттө 9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгын өткөрүү талкууланды
​Дүйнө футболундагы аталар жана уулдары(сүрөттөр)
​Дүйнө футболундагы аталар жана уулдары(сүрөттөр)
​Конор Макгрегор 14 жыл мурунку карызын берди
​Конор Макгрегор 14 жыл мурунку карызын берди
"Коопсуз шаар" долбоорунун "кооптуу" жактары барбы?
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты