Сооронбай Жээнбековду Германияга кимдер коштоп кетти?

Сооронбай Жээнбековду Германияга кимдер коштоп кетти?
15-Апр. 2019, Дүйшөмбү, 12:38

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк расмий визит менен Германияга барды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде президенттик аппараттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Мамлекет башчысы Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын башчысы Флориан Херман менен, экономика, өнүгүү жана энергетика мамлекеттик министри, Бавариянын Премьер-министринин орун басары Хуберт Айвангер менен жолугушат. Андан кийин мамлекет башчысы ошондой эле Германияда иштеп, жашаган кыргызстандыктар менен жолугушат.

16-апрелде Берлинде президент Сооронбай Жээнбековдун ГФР Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Германия Федералдык Канцлери Ангела Меркель, ошондой эле Бундестаг Президенти Вольфганг Шойбле менен жолугушуулары пландаштырылган.

Делегациянын курамы:

Айдарбеков Чингиз Азаматович — Тышкы иштер министри;

Сыдыков Данияр Батырович — Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Оторбаев Эринес Мотойович — Кыргызстандын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

Алтыбаева Айнуру Тойчиевна — Жогорку Кенештин депутаты;

Жунус уулу Алтынбек — Жогорку Кенештин депутаты;

Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна — Финансы министри;

Панкратов Олег Михайлович — Экономика министри.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу
Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу
Ысыкта бет майланышпаш үчүн эмне кылыш керек?
Ысыкта бет майланышпаш үчүн эмне кылыш керек?
Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш орун алды
Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш орун алды
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
 Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
 Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
 Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор