"Акнет" компаниясы боюнча иштин кийинки иликтөөсүн ИИМ жүргүзөт

15-Апр. 2019, Дүйшөмбү, 13:15

"Акнет" ЖЧКсы боюнча иштин кийинки иликтөөсүн Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде аталган министрликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Башкы прокуратура тарабынан өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн “Акнет” ЖЧКсына карата Жазык кодексинин 233-беренесинин 1-бөлүмү (Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу), 232-беренеси 2-бөлүмү (Уюмдардын бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу), 253-беренесинин 2-бөлүмү (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана 337-беренеси (Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу) менен козголгон 5 кылмыш иши кыскартылган.

"28-март күнү жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштери кийинки иликтөөлөрдү уюштуруу үчүн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда, жогорудагы кылмыш ишин калыс иликтөө максатында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Иликтөөнүн жүрүшү боюнча кошумча маалымдайбыз",- деп айтылат жогоруда аталган министрликтин маалыматтында.

Айта кетсек, былтыр ноябрь айында Бишкектеги "Акнет" телекоммуникациялык компаниянын башкы кеңсесин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы текшерүүгө алган. Анткени, аталган ишкана ири өлчөмдө салык төлөбөгөнү боюнча арыз түшкөн. Бирок компаниянын өкүлдөрү мурда аткаруучу директор болуп иштеген жаран "Акнетке" каршы негизсиз арыз берип, компанияны рейдерлик жол менен тартып алууну көздөп жатканын айтышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Дүйнө футболундагы аталар жана уулдары(сүрөттөр)
​Дүйнө футболундагы аталар жана уулдары(сүрөттөр)
​Конор Макгрегор 14 жыл мурунку карызын берди
​Конор Макгрегор 14 жыл мурунку карызын берди
"Коопсуз шаар" долбоорунун "кооптуу" жактары барбы?
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
БУУ: Афганистанда акыркы 10 жылда 75 миңден ашык жаран көз жумду
БУУ: Афганистанда акыркы 10 жылда 75 миңден ашык жаран көз жумду
Колуңуздун абалы боюнча ден соолугуңузду аныктаңыз!
Колуңуздун абалы боюнча ден соолугуңузду аныктаңыз!
Куудул Назира Жетигенова кечээ туулган күнүн өткөрдү
Куудул Назира Жетигенова кечээ туулган күнүн өткөрдү
Дарыларды дрондор тарата баштады
Дарыларды дрондор тарата баштады