Абылгазиев: "Бюджеттин ички чыгашалары ички булактардын эсебинен каржыланат"

Абылгазиев:
23-Апр. 2019, Шейшемби, 15:45

Бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйыны учурунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: "Бюджеттин ички чыгашалары ички булактардын эсебинен каржыланат, гранттар менен кредиттер өнүктүрүү долбоорлоруна жумшалат",- деп билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчы өкмөттүн 2018-жылдагы ишинин жыйынтыктары тууралуу отчёттун урунттуу учурларына токтолду.

«Биринчиси, кабыл алынган “КРнын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамда бюджеттин ички чыгашалары ички булактардын эсебинен каржылоо, гранттар менен кредиттер өнүктүрүү долбоорлоруна жумшоо каралган. Тартыштыкты азайтуу боюнча тенденция улантылат», – деди Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, экинчи маанилүү учур «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу болуп саналат.

«Бул долбоор 2012-жылдан бери коомдун сынына кабылган, эң ийгиликсиз долбоорлорунун бири болгон. Бүгүн бул долбоор ишке ашырылды. Ушул долбоордун ишке ашырылышында 2018-жылы Жогорку Кеңештин активдүүлүгүн баса белгилеп кетүүгө болот: 13-июнда, 3-октябрда өкмөттүк саат өткөрүлдү, 28-ноябрда өкмөттүк угуу болду, 19-декабрда депутаттык талкуу өткөрүлдү. Демек, “Коопсуз шаарды” ишке ашыруунун маани-максаты эч кимди кайдыгер калтырган жок. Баарыбыздын башкы максатыбыз – каражат топтоо эмес, биринчи кезекте – жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоо, балдарыбыздын өлүмүн кыскартуу болду. Бул системалар аркылуу жарандардын айдоочулук маданиятына түздөн-түз таасир этүү, адам өмүрүнө карата айдоочулардын жоопкерчиликтерин сездирүү болду. Бүгүн жол кырсыктарынан жабыркагандардын саны 44,4%га кыскарды, жолдо жүрүү эрежелерин бузгандар 37,5%га кыскарды. Бул иштер улантылат», – деп жыйынтыктады Абылгазиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
 Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
 Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
 Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду