Баткенде табигый кырсыктарды алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Баткенде табигый кырсыктарды алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө
24-Апр. 2019, Шаршемби, 10:23

Баткен облусунда табигый кырсыктын айынан кооптуу табылган объектерде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде аталган министрликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, ӨКМ тарабынан Баткен облусу боюнча 2019-жылга “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чаранын мерчемине 67 объект бекитилип, бүгүнкү күндө мерчемде каралган кооптуу табылган объектин ичинен 12 объектини март-апрель айларына ӨКМ тарабынан жумуш жүргүзүү мерчемделген. Андан сырткары 20 объектиде ӨКМнин күйүүчү майын жана габион торчо жана башка товардык материалдык балуулуктар тарабынан берили, Жергиликтүү бийлик тарабынан кооптуу объектерде өзгөчө кырдаалдарды болтурбоого багытталган атайын алдын алуу иштери жүргүзүлөт.

Учурда ӨКМнин техникалардын жардамы менен 9 объекте механикалык жумуштары бүткөрүлүп, 3 объектиде жумуш уланууда.

1. Лейлек районунун Коргон айылынын К.Сабыров орто мектебинин жанында жайгашкан сел өтүүчү сайдын 150 метр аралыкты механикалык ыкма менен жээктерин бекемдөө жана тазалоо жумуштары бүткөрүлдү.

2. Лейлек районунун Ак-Булак айылында сел өтүүчү сайдын 40 метр аралыкта жээгин бекемдөө жана тазалоо иштери бүткөрүлдү.

3. Лейлек районунун Караташ айылында сел өтүүчү сайдын 250 метр аралыкта кооптуу объектин жээгин бекемдөө жана тазалоо жумуштары аяктады.

4. Лейлек районунун Нооданек участкасынын сел өтүүчү сайдын 50 метр жеегин бекемдөө иштери аяктады.

5. Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында жер астынан чыккан сууларды 1000 метр аралыкта тазаланып бүткөрүлдү.

6. Баткен районунун Жаны-Жер айылында экинчи этапка бөлүнгөн объектиде драглайын техникасынын жардамы менен 1000 метр ачык типтү дренажды тазалоо жумушу аткарылды.

7. Айдаркен шаарында Асаев көчөсүндө сел өтүүчү сайдын 1200 метр нугун экскаватор жардамында тазалоо иштери аяктады.

8. Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында сел өтүүчү сайдын 1600 метр аралыкты тазалоого эксковатор техникасы менен тазалоо жумуштары бүткөрүлдү.

9. Баткен районунун Самаркандек айылындагы Жайылма постанциясы участкасында кооптуулукту жараткан сел өтүүчү сайдын 1000 метр аралыгын жээгин бекемдөө иштери аткарылды.

Иштер уланып жаткан объектер

1. Баткен районунун Жаны-Бак айылында Топ-Терек келечек участкасында сел өтүүчү сайдын 1000 метр аралыкты жээгин бекемдөө жумуштары улантылууда.

2. Баткен шаарынын Чынар-Бак участкасында №1, №2 эски дренажды драглайын техникасы 11500 метр тазалоо иштери жүрүп, 26-апрелге аякталышы каралган.

3. Баткен районунун Самаркандек айылындагы Орто-Сай участкасында сел өтүүчү сайдын 1000 метр аралыгын жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле ӨКМ тарабынан 20 объекке дизелдик күйүүчү майын жана ТМБ бериле турган каралып. Азыркы учурда ӨКМ тарабынан кооптуу 10 объектерге 5280 литр дизелдик күйүчү май бөлүнүп, жергиликтүү бийлик тарабынан тийиштүү инженердик техникалардын жардамы менен атайын алдын алуу иштери жүргүзүүлөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!