Билим берүү жана медицина тармагында эки ири долбоорду ишке ашырылат

Билим берүү жана медицина тармагында эки ири долбоорду ишке ашырылат
24-Апр. 2019, Шаршемби, 10:39

Өкмөт мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде долбоорлордун үстүндө иштөөнү улантат. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда эки долбоорду ишке ашыруу активдүү жүрүп жатат: Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 20 мектептин курулушун каржылоо жана камсыздоо, ошондой эле Чүй облусунун Таш-Дөбө айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу курортология жана калыбына келтирип дарылоо Илимий-изилдөө институтунун жана «Ден-Соолук» (мурдагы «Алтын балалык») Балдардын калыбына келтирүү борборунун базасын каржылоо, реконструкциялоо, жабдуу, тейлөө, пайдаланууга берүү жана медициналык калыбына келтирүү кызматтарын көрсөтүү боюнча долбоорлор.

Белгилей кетсек, бул иш Эл аралык финансылык корпорациянын колдоосунда жүргүзүлүп жатат.

«20 мектептин курулушу жана эксплуатацияга берүү» МЖӨ долбоорунун структурасында сунушталган техникалык талаптарга ылайык белгиленген мөөнөттөрдө мектептерди каржылоо жана куруу, имараттарды камсыз кылуу, коммуналдык кызматтарды төлөө жана долбоордун жалпы аралыгында коопсуздукту камсыздоо каралган. Күтүлүп жаткандай, Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү кызматтарын көрсөтөт. Учурда техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) даярдоо үчүн участоктордун тизмеси даярдалып жатат.

Медициналык калыбына келтирүү кызматтарын көрсөтүү боюнча долбоордун алкагында күтүлгөндөй, МЖӨ механизмдерин колдонуу жеке сектордун тажрыйбасын жана каржылык артыкчылыктарын, ошондой эле тийиштүү сапаттагы билим берүү медициналык калыбына келтирүү кызматтарын көрсөтүү үчүн жеке компаниялардын билимин жана операциялык натыйжалуулугун алууну шарттайт. Мындан тышкары жеке чөйрөдөн МЖӨ тууралуу узак мөөнөттүү келишимдин алкагында тендер аркылуу бир же андан ашык таанылган жана квалификациялуу инвестор тартылат. Учурда долбоорду талдоо жана диагностика аяктаган. 2019-жылдын 3-кварталында ТЭН даярдоону аяктоо пландалууда, андан соң тендердик процедуралар башталат.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын февралында Борбор Азиядагы алгачкы МЖӨ долбоору «Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызматтарын уюштуруу» ишке киргизилген. Ал Fresenius Medical Care немис компаниясы тарабынан ишке ашырылган. 2019-жылдын майында экинчи клиника жана Ош шаарында диализ борбору ачылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Рыскелди Момбеков алтын кол  саатын «фанатына» чечип берди (видео)
Рыскелди Момбеков алтын кол саатын «фанатына» чечип берди (видео)
​“Галатасарай” Түркиянын супер лигасынын чемпиону болду
​“Галатасарай” Түркиянын супер лигасынын чемпиону болду
Жумабеков Россия Мамлекеттик Думасынын төрагасы  менен жолугушту
Жумабеков Россия Мамлекеттик Думасынын төрагасы менен жолугушту
Рамазандагы Умра амалын аткаруу
Рамазандагы Умра амалын аткаруу
​20-май: Доллардын наркы жогорулады
​20-май: Доллардын наркы жогорулады
Ош: жашыруун сойкулук жасаганга көмөктөшкөн 32 жай табылды
Ош: жашыруун сойкулук жасаганга көмөктөшкөн 32 жай табылды
Шаввалдагы алты күндүк Орозону унутпайлы
Шаввалдагы алты күндүк Орозону унутпайлы
Өкмөт Матраимовго Жогорку соттон да утулду
Өкмөт Матраимовго Жогорку соттон да утулду
​Роналду менен күлүк жылкынын баасы бирдей (видео)
​Роналду менен күлүк жылкынын баасы бирдей (видео)
Конор аз камсыз болгондорго бекер үй салууда
Конор аз камсыз болгондорго бекер үй салууда
​Башкаруучусу жок жүк ташуучу унаа каттамга чыкты
​Башкаруучусу жок жүк ташуучу унаа каттамга чыкты
Активдүү жарандык коом – демократиялык коомдун милдеттүү белгиси
Активдүү жарандык коом – демократиялык коомдун милдеттүү белгиси
Болот Шамшиевдин “Эсимде” атуу романы жарык көрдү
Болот Шамшиевдин “Эсимде” атуу романы жарык көрдү
​Ит тирүүлөй көмүлгөн наристени сактап калды
​Ит тирүүлөй көмүлгөн наристени сактап калды
​Зинедин Зидан “Реал” дарбазачысына уулун көрсөттү
​Зинедин Зидан “Реал” дарбазачысына уулун көрсөттү
Жээнбеков Балыкчынын “Коопсуз шаар” долбоорлору менен таанышты
Жээнбеков Балыкчынын “Коопсуз шаар” долбоорлору менен таанышты