Экономикалык эркиндик индекси боюнча Кыргызстан 79-орунда турат

Экономикалык эркиндик индекси боюнча Кыргызстан 79-орунда турат
24-Апр. 2019, Шаршемби, 12:41

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берип жаткан учурунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев:«Өкмөттүн ишиндеги оң динамика мамлекеттик программаларды ишке ашырууда катталды. 2017-жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөр 5,6%га жакшырды», – деп билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Абылгазиев белгилегендей, эл аралык рейтингдерде Кыргызстандын позициясы 1,9%га жогорулаган.

«Бизнести жүргүзүү» индекси боюнча биздин республика 190 өлкөнүн ичинен 70-орунга чыгып, 7 позицияга жакшырды. Өсүш 4 индикатор боюнча катталган: «Төлөөгө жөндөмсүздүктү чечүү» (+37 позицияга), «Эл аралык соода» (+14 позицияга), «Миноритардык инвесторлорду коргоо» (+13 позицияга), «Келишимдердин аткарылышын камсыздоо» (+8 позицияга) жакшырды.

«Коррупцияны кабылдоо» индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 132-орунга чыгып, 3 позицияга жогорулады. Экономикалык эркиндик индекси боюнча 180 өлкөнүн ичинен республика 79-орунда турат.

Премьер-министр кошумчалагандай, «Глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүк» индекси боюнча биздин көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 5 позицияга жакшырган.

«Бул индекс макроэкономикалык туруктуулукту жана Өкмөттүн 2018-жылдагы ишин баалоодогу негизги көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат», – деди Абылгазиев.

Мындан тышкары Өкмөт башчы белгилегендей, «Социалдык прогресс» индекси боюнча 2018-жылы Кыргыз Республикасы 146 өлкөнүн ичинен 78-орунга чыгып, олуттуу прогресске жетишти.

«Өлкөнүн өркүндөө» индекси боюнча биз 149 өлкөнүн ичинен 78-орунду ээлеп, 4 позицияга көтөрүлдүк.

«Негизинен, Өкмөттүн ишинин жалпы интегралдык көрсөткүчү 2,4%га жакшырды», – деп белгиледи Премьер-министр.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Шварценеггерге кол салуу: Секирип келип тепти (видео)
​Шварценеггерге кол салуу: Секирип келип тепти (видео)
Филармониянын алдында гүлдөн жана таштан
Филармониянын алдында гүлдөн жана таштан "шырдак" төшөлдү
Рыскелди Момбеков алтын кол  саатын «фанатына» чечип берди (видео)
Рыскелди Момбеков алтын кол саатын «фанатына» чечип берди (видео)
​“Галатасарай” Түркиянын супер лигасынын чемпиону болду
​“Галатасарай” Түркиянын супер лигасынын чемпиону болду
Кара зиренин ден соолукка пайдасы
Кара зиренин ден соолукка пайдасы
Жумабеков Россия Мамлекеттик Думасынын төрагасы  менен жолугушту
Жумабеков Россия Мамлекеттик Думасынын төрагасы менен жолугушту
Рамазандагы Умра амалын аткаруу
Рамазандагы Умра амалын аткаруу
​20-май: Доллардын наркы жогорулады
​20-май: Доллардын наркы жогорулады
Ош: жашыруун сойкулук жасаганга көмөктөшкөн 32 жай табылды
Ош: жашыруун сойкулук жасаганга көмөктөшкөн 32 жай табылды
Шаввалдагы алты күндүк Орозону унутпайлы
Шаввалдагы алты күндүк Орозону унутпайлы
Өкмөт Матраимовго Жогорку соттон да утулду
Өкмөт Матраимовго Жогорку соттон да утулду
​Роналду менен күлүк жылкынын баасы бирдей (видео)
​Роналду менен күлүк жылкынын баасы бирдей (видео)
Конор аз камсыз болгондорго бекер үй салууда
Конор аз камсыз болгондорго бекер үй салууда
​Башкаруучусу жок жүк ташуучу унаа каттамга чыкты
​Башкаруучусу жок жүк ташуучу унаа каттамга чыкты
Активдүү жарандык коом – демократиялык коомдун милдеттүү белгиси
Активдүү жарандык коом – демократиялык коомдун милдеттүү белгиси
Болот Шамшиевдин “Эсимде” атуу романы жарык көрдү
Болот Шамшиевдин “Эсимде” атуу романы жарык көрдү