Бишкекте электрондук билет системасы бар автобустардын линиясы ишке кирет (фото)

Бишкекте электрондук билет системасы бар автобустардын линиясы ишке кирет (фото)
24-Апр. 2019, Шаршемби, 14:06

Президент Сооронбай Жээнбековго бүгүн, 24-апрелде Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан сатып алынган жаңы газмотор автобустарын көрсөтүштү.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, автобустардын иштөө тартиби жана киргизилип жаткан жаңылыктар жөнүндө борбор шаардын Ала-Тоо аянтында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, Бишкек шаардык жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын директору Нурлан Койчубаков, швейцариялык BPC AG компаниясынын долбоордук департаментинин вице-президенти Тохир Абдукадыров баяндап беришти.

Мэр Азиз Суракматовдун маалыматы боюнча, Бишкек шаарынын мэриясы жалпы суммасы 301,9 млн сомго Yutong Кытай компаниясы тарабынан 2019-жылдын март айында чыгарылган 60 автобусту сатып алган.

Автобустарга 80ге чейин адам батат, Евро-5 экологиялык стандартка ээ.

Автобустарга электрондук билет системасын орното турган швейцариялык компаниянын өкүлү Тохир Абдукадыров Президентке маалымдагандай, эми жүргүнчүлөр жол акысын кадимки банк карточкасы же башка электрондук алып жүрүүчүлөрдүн жардамы менен накталай эмес төлөшсө болот.

Бишкек шаардык жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын директору Нурлан Койчубаковдун айтымында, бул автобустардын орундуктары кышында жылытылат, 7 байкоочу камера, салондогу абаны тазалоочу фильтрлер орнотулган.

Президент Сооронбай Жээнбеков автобустар менен таанышып, Бишкек шаарынын мэри менен алардын бирине түшүп көрдү.

Ал электрондук билет системасын киргизүүнүн оң жактарын канааттануу менен белгилеп, жаңы унаалар узак убакытка чейин борбор калаанын конокторуна жана тургундарына кызмат кылуусун каалады.

Айта кетсек, Yutong компаниясы 50 жылдан бери автобустарды чыгарат жана КЭР рыногун 32 пайздан ашуун, ал эми дүйнөлүк рынокту 15 пайыздан ашуун өндүрүш көлөмү менен камсыздайт. Бул компаниянын автобустары Улуу Британия, БАЭ, Катар, Россия, Филиппин, Африка, Кубага жана КМШ өлкөлөрүнө жөнөтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Борончу Кудайбергенов  МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Борончу Кудайбергенов МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
 ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?