Ош: үч аял өзгөчө оор кылмышка шектелүүдө

Ош: үч аял өзгөчө оор кылмышка шектелүүдө
24-Апр. 2019, Шаршемби, 14:57

Акыркы беш күн аралыгында Ош шаарында аялдардын катышуусу менен 3 өзгөчө оор кылмыштар катталды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи окуя 18-апрель күнү катталган. Ош шаарынын 41 жаштагы тургуну 17-апрель күнү өз үйүндө күйөөсү менен чырдаша кетип, көкүрөгүнө отвертка менен сайып алган. Бактыга жараша ак халатчандар күйөөсүнүн жанын ажалдан арачалап калышкан. Алгачкы тергөө амалдарынына караганда чырдашуунун себеби – күйөөсүнүн үйүндө иште жаткан устадан кызгануусу.
Экинчи окуя 19-апрель күнү болжол менен саат 16.30 чамасында болгон. Өз үйүндө 58 жаштагы аял бычакталып өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары өзүнүн кызы милиция кызматы тарабынан кармалган. Адам өмүрүн алган кылмыштын себеби – үй-бүлөдөгү финансы маселеси. Шектүү аял соттун чечими менен тергөө убагында 2 ай камакта отурат.
Үчүнчү окуя Ош шаарына караштуу Учар айылынын үстүндө жайгашкан дачалардын биринде болгон. Тагыраагы, 22-апрель күнү дачадан «Мамат» аттуу адамдын өлүгү табылат. Аны бычак менен сайып өлтүргөн аял, ошол дачанын ээси, криминалдык милиция тарабынан тергөөгө алынып келинди. Өзгөчө оор кылмыштын себебин шектүү аял «ал мени зордуктоого аракет жасады» деп түшүндүрүп жатат. Шектүү аял соттун чечими менен тергөө убагында 2 ай камакта отурат.
Бардык кылмыштар боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!