Айдарбеков Евробирликтин БА боюнча Атайын өкүлү менен жолукту

Айдарбеков Евробирликтин БА боюнча Атайын өкүлү менен жолукту
25-Апр. 2019, Бейшемби, 10:02

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кечээ, 24-апрелде Европалык бирликтин Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү Петер Буриан менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты..

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министр Айдарбеков менен Буриан Кыргызстан менен ЕБдин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн талкуулашкан.

Тараптар ошондой эле КРда ЕБ-Борбордук Азия тышкы иштер министрлеринин кезектеги жолугушуусун, Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча ЕБнын Жогорку өкүлү Ф.Могерининин пландаштырылган иш-сапарын уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча пикир алмашткан.

Ошондой эле тараптар экономикалык өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн зарылчылыгына көңүл бурушкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!