"Коопсуз шаар" долбоорунун "кооптуу" жактары барбы?

25-Апр. 2019, Бейшемби, 18:03

Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоорунун ишке киргизүү иштери учурда кызуу жүрүп жаткан кези. Бул долбоордун алкагында жалпы өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекстери орнотулат. Кыргыз өкмөтү чоң шаарлардын көчөлөрүндө жана өлкөнүн башкы жолдорунда камераларды жана башка технологияларды орнотуу - учурдун талабы экенин айтууда. Анткени, өкмөт аталган долбоорду ишке ашыруу менен жол кырсыктардын жана кылмыштуулуктун көрсөткүчтөрү бир топ эле төмөндөйт деп элди ынандырууда. Бирок, бул долбоор ишке киргенге чейин өкмөт тараптан бир топ иштер жазалышы керек болчу деп өкмөттүн ишин сынга алгандар да жок эмес.

Учурда жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу максатында өлкөнүн Чүй облусунда жана Бишкек шаарынынын бир катар жерлерине камералар орнотулуп, ишке киргизилүүдө. Тагыраак айтканда Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин басма сөз кызматынын тараткан маалыматтына ылайык, эртең, 26-апрелден тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун жаңы 19 камерасы ишке киргизилет.

Камералар төмөнкү жерлерде жайгаштырылган:

-9 чакырым, Пригородное айылы, Май куючу жай;
- 10,2 ч., Достук айылына карай бурулуш;
- 13 ч, Путепровод;
- 14,5 ч, Ак-Жол айылы орто мектептин жанында;
- 22,5 ч, Манас айылынын борборунда;
- 23 ч, Манас айылы, Ак-Жол май куючу жайы;
- 27 ч, Ак.Жол май куючу жайы;
- 30 ч, “Манас” аэропорту;
- 11,5 ч, Ленин айылы, Алма-Ата көчөсү 67;
- 15,5 ч, Ленин айылы, Алма-Ата көчөсү №385 үйдүн жанында;
- 17 ч, Ленин айылы, “Роснефть” май куючу жайынын жанында;
- 59 ч, Токмок шаары, “Нуржамал” кафесинин жанында;
- 60 ч, Токмок шаарында (айлампа);
- 68,8 ч, Сайлык айылы “Төлгө” дүкөнүнүн бет маңдайында;
- 73 ч, Искра айылы, Биянху көч. № 107 үйүнүн бет маңдайында;
- 78 ч, Чымкоргон айылы, Казакбаев көчөсү № 137 үйүнүн жанында;
- 95 ч, Жаңы-Алыш айылы, Орловка шаарынын бурулушу;
- 102 ч, Кемин шаары, Советтик-Каракөл көчөлөрүнүн кесилишинде;
- 18 ч, Алга айылына бурулушта.

«Коопсуз шаар» долбоору 12-февралдан тарта Бишкек шаарында иштей баштаган. Мамлекеттик келишим боюнча “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабында бардык 110 камера 12-майга чейин орнотулуш керек. Бишкекте - 42, Чүй облусу боюнча 48 жана 20 көчмө АПК. Учурда Бишкектин жана Чүйдүн трассаларына 70тен ашуун аппараттык комплекстер коюлган. Долбоор алкагында баардык көчмө камералар толугу менен ишке кирген. Калган 28 АПК ишке киргизүү боюнча чаралар көрүлүүдө. Ал эми долбоордун 2-бөлүгүн ишке киргизүүгө жалпысынан 24 миллион доллар каражат керектелет.

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында өлкөнүн жети облусу, республикалык маанидеги эки, облустук жана райондук маанидеги 15 шаар жана 73 калктуу аймак камтылат. Долбоор үстүбүздөгү жылдын аягына чейин республиканын бардык аймагында иштеп баштайт. Анын негизинде беш жылда бюджетке 20 миллиард сомдой каражат түшөрү күтүлүп жатат.


«Коопсуз шаар» долбоору жакын арада өлкөнүн түштүк аймагында да иштеп баштаары күтүлүүдө. Такыраак айтканда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жакын арада Ош шаарында жана өлкөнүн бардык башка шаарларында «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилерин билдирип келет.

Анын айтымына караганда, Бишкек шаарынын жолдорунда жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктоочу аппараттык-программалык комплекстердин орнотулушу жол кырсыктарынын санынын кыскарышын шарттаган.

«Жарандар долбоордун ишке киргизилишин жана биздин баштоолорубузду колдоп жатышат, себеби бул долбоор жолдордо коопсуздукту камсыз кылууга багытталган. Жакын арада долбоор Ош шаарында жана өлкөнүн башка шаарларында ишке киргизилет. Мен биз мында жолдордогу абалды кыйла өзгөртүп жана аларды бир топ коопсуз кылууга жетишебиз деп ишенем», - деген Абылгазиев.

Өкмөт башчы Оштун жана түштүк борбордун жашоочулары долбоор ишке киргизилген соң ыңгайсыздыктарды сезбеши керектигин, ал үчүн жол кыймылынын абалын өтө тыкыр талдап чыгып жана тиешелүү түзөөтүлөрдү киргизип, инфраструктураны тийиштүү түрдө даярдоо кажет экенин эскертип келе жатат.

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилген соң айдоочуларга кандай ыңгайсыздыктар жаралууда?

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жол эрежелерин бузуу фактылары боюнча айыппулдар төлөнө баштагандан кийин өкмөт тараптан бир топ маселе чечиле электигин айтып, нааразы болгон адамдар басымдуулук кылат. Анткени, алар Бишкектин ичиндеги жол өтө тар жана унаа токтоотуучу парковкалар жок экенин, Кыргызстандагы айлык акыларга жараша айыппулдун өлчөмү коюлбаганын айтышууда. Ошондой эле унааларды каттатуу боюнча маселе чечилбей жатканын билдиришүүдө.

Бишкек шаарынын 27 жаштагы Максат аттуу тургуну «Коопсуз шаар» долбоору иштеп баштаганы жол эрежелерин айдоочулар сактаганга аракет кылып жаткандарын, көчөдө айдоочулардын жүрүм туруму жакшырып калганын жана аны менен бирге эле шаардын жолдору талапка жооп бербей, шаардын ичиндеги жол тыгындар көп болуп жатканын айтат.

«Учурда айдоочулар жол эрежесин бузбоого аракеттерин көрүп жатканын барыбыз эле көрүп жатабыз. Айрыкча жүргүнчү ташыган жеңил автобустар жол эрежесине баш ийип, бири-бири менен жарышып, каршы тилкеге чыкпай калды. Албетте арасында дагы эле көңгөн адаттарын таштай албай жаткан айдоочулар бар. Бирок, мурдагыга караганда айдоочулардын жолдо жүрүү эрежеси камералар илингени жакшырып калды. Жалпысынан айтканда “Коопсуз шаар” долбоорунун жакшы жактарын байкап жатам. Ошол эле маалда өкмөт айдоочулардын көп маселесин чечпей жатат. Мисалы, унааны каттатуу жагын жеңилдетип койсо жакшы болмок. Себеп, азыр деле мага окшоп ишеним кат менен айдап жүргөн айдоочулар көп эле да. Ошондой эле айыппулдардын өлчөмү өтө эле жогору болуп жатат. Айыппулдун жогору болушуна мен эле эмес, жалпы эле айдоочулар каршы болуп, өкмөткө нааразы болуп жатышат. Андан сырткары шаардын ичиндеги жолдор тар жана абалы өтө начар жана базарлардын, парктардын айланасында унаа токтото турган жайлар жок. Ушул маселелердин барын өкмөт чечиши керек»,- дейт Максат.

Бишкектин Адилет аттуу дагы бир тургуну айдоочуларга жолдо жүрүүгө шарт түзүлбөстөн эле, айып пулдун көлөмүн жогорулатып салганы үчүн өкмөткө нааразы экенин жашырбайт.

«Мен «Коопсуз шаар» долбоорунун максаты жол эрежесинин бузууларды азайтып, элдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бийлик тараптан ишке ашырылып жаткан жакшы иштердин бири экенин билем жана бул долбоордун ишке киришин колдойм. Бирок, элдин чөнтөгүнө жараша айыппул салынышы керек эле да. Мисалы, мен өзүм мамлекеттик кызматта иштейм. Чынын айтканда 12 миң сомго жакын айлык алам. Анан алган айлыгым үй бүлөмдү багууга да жетпейт. Анан мен кантип убагында 6 миң сомдук айыппулду төлөйм? Бийлик 15 күндүн ичинде айыппулду төлсөң 50 пайыз жеңилдик, бир айда болсо айыппулду толук төлөйсүң, бир айдан ашса анда күн сайын туум болот дейт. Ошончолук өкмөт кыйын экен, айыппулдардын көлөмүн жогорулатканга жараша биринчи айдоочуларга шарт түзүш керек эле да. Мисалы, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында шаардын бир жерине атайын унаа токтотуучу жайлардын жасалганын көргөн жокмун. Ошондой эле биздин өкмөт элдин айлыгын да эске алган эмес. Жөн гана карапайым элди кыйнап жатышат”,- деди Адилет.

Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 23-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйында «Коопсуз шаар» долбоору 2012-жылдан бери коомдун сынына кабылган, эң ийгиликсиз долбоорлордун бири болуп келгенин, бирок бүгүн бул долбоор ишке ашырылганын жана башкы максат каражат топтоо эмес, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыгынын санын кыскартуу болгонун баса белгилди.

«Бул долбоордун ишке ашырылышында 2018-жылы Жогорку Кеңештин активдүүлүгүн баса белгилеп кетүүгө болот: 13-июнда, 3-октябрда өкмөттүк саат өткөрүлдү, 28-ноябрда өкмөттүк угуу болду, 19-декабрда депутаттык талкуу өткөрүлдү. Демек, “Коопсуз шаарды” ишке ашыруунун маани-максаты эч кимди кайдыгер калтырган жок. Баарыбыздын башкы максатыбыз – каражат топтоо эмес, биринчи кезекте – жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоо, балдарыбыздын өлүмүн кыскартуу болду. Бул системалар аркылуу жарандардын айдоочулук маданиятына түздөн-түз таасир этүү, адам өмүрүнө карата айдоочулардын жоопкерчиликтерин сездирүү болду. Бүгүн жол кырсыктарынан жабыркагандардын саны 44,4%га кыскарды, жолдо жүрүү эрежелерин бузгандар 37,5%га кыскарды. Бул иштер улантылат. Алдыда анын өлкө аймактарындагы кийинки баскычтарын ишке ашыруу милдети турат», – деген Абылгазиев.

Буга чейин да Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бул долбоор ишке киргизилгенден бери жол кырсыктарынан жабыркагандар өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырганда 44,4% азайганын билдирген эле.

Анын маалыматы боюнча, жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын саны 37,5% кыскарган, 38 миң 385 тийиштүү протокол толтурулган. 40 миң 586 бузуу катталып, алардын ичинен 15 миң 411 айыппул 15 күндүн ичинде 20 млн 202 миң сом суммасында төлөнгөн.

Бул боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кожобек Рыспаев өкмөт башчынын өзүнө кайрылып, ал: «Мына «Коопсуз шаарды» өткөрдүк. Жабыркаган жарандар, 44 пайызга, тартип бузуулар 37 пайызга азайды. Жакында төлөбөй койгондор 70 пайыз болот. Жаңы башталды. Ошон үчүн айыппулдардын өлчөмүн кайра карашыбыз керек. Мен айтпайм, болбошу керек деп. Болушу керек. Бирок, социалдык жашообузда да карашыбыз керек»,- деп билдирдирген эле.

Ал эми эконмика боюнча айрым серепчилер өкмөттүн азыркы кылып жаткан кадамдарын туура кадам деп эсептешет. Анткени, алар «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу замандын талабы экенин, бирок Кыргызстан бир күндө эле «Коопсуз шаар» болуп кетпестигин, ошентсе да акырын-акырындан өлкө ичиндеги шаарларды бул системага өтүшү керектигин белгилешүү. Себеп, өкмөттүн бул долбоору ишке ашып калса, анда келечекте өлкөдөгү көмүскө экономикаларды ачыкка чыгарып, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга жана коомдун коопсузудугун камсыз кылууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөрүн, бирок мунун бары бул тармакта иштегендердин айлык маянасынан көз каранды болот дешүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
 Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
 Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
 Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду