Өкмөттө 9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгын өткөрүү талкууланды

Өкмөттө 9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгын өткөрүү талкууланды
26-Апр. 2019, Жума, 11:24

Өкмөттүн Аппарат Жетекчисинин орун басары Эмилбек Бусурманкуловдун төрагалыгы алдында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгын өткөрүү боюнча жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгын белгилөөгө арналган иш-чараларга даярдануу жана өткөрүү максатында өкмөт тараптан тиешелүү иш-чаралардын планы иштелип чыккан.

Кеңешменин жүрүшүндө тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун, өкмөттүн аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери 9-май Жеңиш күнүн майрамдоого даярдыктардын жүрүшүн талкуулашты.

Уюштуруу-даярдык көрүү иш-чараларына тиешелүү министрликтер жана ведомстволор тартылган. Майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат.

Жеңиш күнүн белгилөөнүн урматына 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун бардык ардагерлерине бир жолку кошумча жөлөк пул төлөнөт.

"Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында митинг-реквием, майрамдык концерт өткөрүлүп, советтик мезгилдеги аскердик техника көргөзмөсү уюштурулат. Борбор калаада жана аймактарда Жеңиш күнүнө арналган көргөзмөлөр, салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлмөкчү.

Негизги масштабдуу иш-чара – «Өлбөс полк» акциясы, ал салт боюнча Жеңиш күнүндө – 9-майда өтөт",- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары «тегерек үстөлдөр», жождордун студенттери үчүн лекциялар, жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин катышуусунда класстык сааттар пландаштырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
 Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
 Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
 Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду