Жээнбеков «Бир алкак – бир жол» Экинчи форумунун ачылыш аземине катышты

Жээнбеков «Бир алкак – бир жол» Экинчи форумунун ачылыш аземине катышты
26-Апр. 2019, Жума, 12:14

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде Кытайдын Пекин шаарында «Бир алкак – бир жол» Экинчи форумунун ачылыш аземине катышты.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, форумдун ачылыш аземинде КЭР төрагасы Си Цзиньпинь, Россиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохамад, БУУ Башкы катчысы Антониу Гутерреш жана башка делегация башчылары сөз сүйлөштү.

Форумдун ишине 187 өлкөнүн делегациялары катышууда, анын ичинде 37 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары келишкен.

Эртең, 27-апрелде Президент Сооронбай Жээнбековдун «Бир алкак – бир жол» форумунун биринчи сессиясында сөз сүйлөөсү күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!