Таксист кыргыз жаранын өлтүрдү

4-Май 2017, Бейшемби

Россиянын Екатеринбург шаарында жергиликтүү таксист кыргыз жаранын өлтүрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-май күнү саат 21:30 чамасында “Daewoo Nexia” үлгүсүндөгү автоунааны башкарып жүргөн О.Х.Носиров аттуу жергиликтүү таксист 1988-жылы туулган А.Э аттуу Кыргызстандын жаранын Вильгельм де Геннин 45/1 дареги боюнча аялдамага чейин жеткирген.

Көздөгөн жерине жеткенден кийин таксист менен жүргүнчүнүн ортосунда жолдун акысы боюнча келишпестик чыгып, айдоочу жүргүнчүнү отвёртка менен көкүрөккө сайган. Тез жардам унаасы келгенче жабырлануучу алган оор жаракаттан улам каза тапкан.

Азыркы тапта кылмышка шектүү О.Х камакка алынды. Учурда соттук экспертиза жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!