Жер көчкү коркунучу Майлуу-Сууга да жетти

4-Май 2017, Бейшемби

Майлуу-Сууда болжолдуу түрдө 1 000 000 кубометр жер көчкү коркунучу пайда болуп жылуу процесси башталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 2-май күнү Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Энгельс көчөсүнүн Шор-Булак тилкесинде Майлуу-Суу дарыясынын сол жээгинде узуну 200 метр, туурасы 50 метр жер жарылып, болжолдуу 1 000 000 кубометр жер көчкү коркунучу пайда болуп, активдешкен.

Дарыянын суусун, Майлуу-Суу–Сары–Бээ-Энгельс жолунун 5-чакырымында №45 телевышкага баруучу унаа жолун жаап калуу коркунучу байкалган. Ошондой эле 5 турак жайга жана электр мамычаларга коркунуч жаралган.

Саат 16:15те Бабы-Ата тилкесинде узуну 200метр, туурасы 350 метр жер жарылып, болжолдуу 1 000 000м3 жер көчкү коркунучу пайда болуп, активдешкен. Жер көчкүдөн жакынкы 42 турак үйгө 30-40 метр аралык калган.

Жер көчкү катталган жерде ӨКМнин 20 куткаруучусу, жергиликтүү тургундардан 15 адам, 1 КамАЗ жана шаардык мэрия тарабынан 2 бирдик “Портер” унаасы тартылган.

«Ошондой эле 3-майда саат 11:00дө премьер министри Сооронбай Жээнбеков жана Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Майлуу-Суу шаарында Кой-Таш участкасында эл менен жолугушуп, Майлуу-Суу-Сары-Бээ унаа жолу боюнча маселени талкуулашып, тишелүү кызматтарга тапшырмаларды беришти. Учурда куткаруучулар тарабынан 44 чатыр тигилип, 44 үй-бүлө көчүп келип, чатырларга жайгаштырылды. Ал эми 5 турак-жайдын жашоочулары үйлөрүндө жашабагандыктан көчүрүлгөн жок. Калган 5 чатыр Сары-Бээ айыл аймактын башчысына өткөрүлүп берилди», - деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!