Жер көчкү 24 турак үйдү басып калды

4-Май 2017, Бейшемби

Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү, акырындык менен жылып олтуруп, 3-майга карата 24 турак-жайды жана 35 электр мамычасын баскан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти

Маалыматка ылайык, жер көчкү жүрүп жаткан аймакта 61 турак-жай, андан сырткары 4 социалдык объект (1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП жана 1 мечитке) бар.

Жер көчкү Шор-Суусун бөгөп калгандыктан, суу топтолууда.

Учурда ӨКМнин жана РЭТ кызматкерлери жер көчкү жүргөн аймакта иш алып барышууда.

Ал эми бүгүн, 4-майда орнотулган 60 чатырга жана ФАП катары колдонулган 1 чатырга РЭС кызматкерлери тарабынан жаңы трансформатор орнотулуп, электр энергиясын тартуу иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы, Жарандык коргонуу комиссиясы жер көчкүнү көзөмөлдөп турушат.

Эскерте кетсек, 2-майда аталган жерде 16 үйдү жер көчкүнүн астында калган. Андан мурдараак 27-апрель күнү 15 турак үйдүн тургундары ӨКМ тарабынан, айылдын жогору жагындагы “Жолборс-Үңкүр” участкасына орнотулган 15 даана чатырларга жайгаштырылган болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!