Абылгазиев согуштун ардагери Любовь Костылевадан кабар алды

Абылгазиев согуштун ардагери Любовь Костылевадан кабар алды
8-Май 2019, Шаршемби, 17:33

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Любовь Костылевадан кабар алды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы согуштун ардагерин 9-май – Жеңиш күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук каалады.

«Силер биздин мамлекеттин өзөгүсүңөр. Сиздердин эрдик кайраттын жана ар-намыстын айкын үлгүсү катары кызмат өтөйт. Согуш жылдары сиздер көз көрбөгөн сыноолордон өтүп, кыйынчылыктарга карабастан жеңишке жетиштиңиздер. Эң оор мезгилде эрдик жасап, өлкөнү коргоп калдыңыздар. Андан соң согуштан кийинки жылдары Ата Мекендин бакубат жашоосу үчүн тынымсыз иштеп, республикабыздын бүгүнкү негизин түздүңүздөр», – деди Абылгазиев.

Премьер-министр Өкмөт мындан ары карай дагы согуштун ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине колдоо көрсөтөт деп ишендирди.

«Эч ким көңүл буруусуз калбайт. Сиз сыяктуу адамдардын мисалында өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо зарыл. Сиз аркылуу бардык согуш ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине чың ден соолук, руханий кайраттуулук жана узак өмүр каалайм. Мындан тышкары эртең улуу майрамды белгилей турган бардык мекендештерибизге – ачык асман жана бакубатчылык тилеп кетем!», – деди Абылгазиев.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Любовь Костылева Премьер-министр менен согуш жана андан кийинки жылдар тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүшүп, көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык айтты.

Өкмөт башчы ардагер Любовь Костылевага материалдык жардам жана белектерди тапшырды.

Айта кетсек, быйыл Любовь Костылева 100 жашка чыгат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Борончу Кудайбергенов  МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Борончу Кудайбергенов МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
 ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?