Нефтебазадагы өрттү өчүрүүгө катышкан өрт өчүрүүчүлөр сыйланат (видео)

Нефтебазадагы өрттү өчүрүүгө катышкан өрт өчүрүүчүлөр сыйланат (видео)
13-Май 2019, Дүйшөмбү, 11:43

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов министрликтин тиешелүү жетекчилерине нефтебазадагы өрттү өчүрүүгө катышкан өрт өчүрүүчүлөрдү сыйлоо боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Жалал-Абад шаарындагы нефтебазадан чыккан өрттү өчүрүүдө өрт өчүрүүчүлөр чыныгы эрдик көрсөтүштү. Жанында күйүүчү-майлоочу каражаттар сакталган бир топ ишканалардын объектилерин, 2000ге жакын жергиликтүү тургундардын өмүрү, материалдык баалуулуктарынын сакталышы дал ушул ӨКМдин кызматкерлеринин тайманбастыгы, тилсиз жоо менен алпурушуудагы билгичтиги, кесипкөйлүгүнө байланыштуу болду. Кечээки Жалал-Абад шаарындагы өрт менен күрөшүү жалпы коомчулуктун көңүл чордонунда болуп, бардыгыбыз тынчсыздануу менен өрт өчүрүүчүлөрдүн эрктүү аракеттерине күбө болдук десем жаңылышпайм", - деди Мирзахмедов.



Муну менен бирге, министр Мирзахмедов ири объектилердин өрт коопсуздугу эрежелерин күчөтүлүүсүн белгилеп өттү.

"Албетте, болуп өткөн окуя ушундай ири объектилерде өрт коопсуздугун кыйлага күчөтүлүүсү зарылчылыгы келип чыгууда. Бул багытта да тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик менен биргеликте иш алып барылат. Ал эми эрдик көрсөткөн биздин куткаруучулар министрликтин сыйлыктары менен сыйланышат. Өрттү өчүрүүдө жабыр тарткан кызматкерибиздин ден соолугу чың болушун каалайбыз. Өзүмдүн атыман жана ӨКМнын жалпы жамаатынын атынан сиздерге терең ыраазычылык билдиребиз! Бар болуңуздар биздин эр жүрөк каармандар!",- деди министр Мирзахмедов.

Белгилей кетсек, 10-май күнү болжол менен саат 10:00дө Жала-Абад шаарынын Шерматов көчөсүндө мунай базасынан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден 182 өрт өчүрүүчү, 12 өрт өчүрүү унаа, 2 автошаты, Жала-Абад шаарынын Жарандык коргонуунун күч, каражаттары, башка ишканалардан кошумча 4 өрт өчүрүүчү унаа тартылган.

Өрт саат 17:25те чектөөгө алынып, саат 00:17 толук өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5300 тонна көбүктөндүргүч (пенообразаватель) сарпталган. Нефтебазанын аймагына жакын жайгашкан турак жайлардан болжол менен 2000 жаран тууган уруктарынын үйлөрүнө эвакуацияланып, коркунуч жоюлгандан кийин жашаган үйлөрүнө кайтышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!