Бюджетке байланыштуу бир катар мыйзамдарды жокко чыгаруу демилгеси сунушталды

Бюджетке байланыштуу бир катар мыйзамдарды жокко чыгаруу демилгеси сунушталды
13-Май 2019, Дүйшөмбү, 11:59

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдын 10-беренесине ылайык, кыйла жогорку юридикалык күчкө ээ ченемдик укуктук акт же анын түзүмдүк элементи күчүн жоготту деп таанылганда, күчүн жоготту деп таанылган актыга негизделген ченемдик укуктук актылар же алардын түзүмдүк элементтери да өзүнүн ишин токтотот.

Ошондон улам, Өкмөт “Бюджеттик кодексин ишке киргизүү жөнүндө” мыйзамы 2016-жылдын 16-майында кабыл алынганын эске алып, кечирээк кабыл алынган “бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдарды күчүн жоготту деп таануу демилгесин сунуштоодо.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!