Журналист Ыдырыс Исаковго кол салуу аракети болду (видео)

Журналист  Ыдырыс Исаковго кол салуу аракети болду (видео)
13-Май 2019, Дүйшөмбү, 12:38

«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Делюкс» аттуу мейманкананын жанында жайгашкан кумаркананы жана кумарканага акча уттурган адамдардын арыз-муңун “Фейсбук” баракчасы аркылуу түз эфирде чагылдырып жаткан учурда мекеменин күзөт кызматкерлери анын колун кайрып, телефонундагы видеону өчүрүүгө аракет кылышты. Ошондой эле "НУР ТВ" телеканалынын кабарчысына да күч колдонулганы айтылууда.

Учурда ИИМдин тергөө тобу аталган жайды текшерүүгө алып, иликтөө иштерин баштады.


Ош шаардык ички иштер башкармалыгы мурда бул мекемеге "жашыруун оюн-зоок жайды уюштуруу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын билдирди.

Өлкөдө кумар оюндарынын бардык түрүнө 2012-жылдын башында тыюу салынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!