Бишкекте "Коопсуз шаардын" акыркы камералары орнотулду

Бишкекте
13-Май 2019, Дүйшөмбү, 12:56

Бишкек шаарында "Коопсуз шаардын" акыркы камералары орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, "Коопсуз шаар" долбоорнунун биринчи баскычынын акыркы камералары шаардын 19 көчөсүнүн кесилишинде орнотулган. Учурда алар ишке кире элек. Болжол менен камералар 14-майда иштеп баштайт.

Камералар Бишкектин төмөнкү жерлеринде жайгаштырылган:

1. Элебесов - Аул;

2. Дэн Сяопин - Б. Алыкулов;
3. Дэн Сяопин - Садыгалиев;
4. Бөкөнбаев - Жаш Гвардия;
5. Фучик – Май куюучу жай;
6. Сүйөркулов - Байтик Баатыр;
7. Чүй - Шопоков;
8. Сүйөркулов - Юнусалиев;
9. Ч. Айтматов - Ахунбаев;
10. Жибек Жол - Лермонтов;
11. Ауэзов - Чүй;
12. Л. Толстой - Жаш Гвардия;
13. Л. Толстой - Бакаев;
14. Б. Алыкулов - М. Өмүракунов;
15. Ахунбаев – Тыналиев;
16. Ч. Айтматов - А. Масалиев;
17. М. Горький - Ч. Айтматов;
18. А. Токомбаев - 7-Апрель;
19. Ч. Айтматов - Семетей.

Белгилей кетсек, долбоордун биринчи баскычында 110 аппараттык-программалык комплекс орнотулуш керек. Бишкекте - 42, Чүй облусу боюнча 48 жана 20 көчмө АПК.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!