Жээнбеков көп балалуу энелерди сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду

 Жээнбеков көп балалуу энелерди сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду
13-Май 2019, Дүйшөмбү, 14:53

Президент Сооронбай Жээнбеков "Республиканын көп балалуу энелерин "Баатыр эне" ордени менен сыйлоо жөнүндө" жана "Республиканын көп балалуу энелерин "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө" Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда президенттик аппараттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жарлыктардын негизинде Конституциянын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1135 эне «Баатыр эне» ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 470 эне — «Эне даңкы» медалы менен сыйланат.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!