ОШ ШИИБ: журналисттерге күч колдонуу фактысы иликтенет

ОШ ШИИБ: журналисттерге күч колдонуу фактысы иликтенет
13-Май 2019, Дүйшөмбү, 15:36

«Де люкс» жайынын эки кызматкери Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинди. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алар окуя боюнча тергөөгө маалымат беришүүдө. Бүгүн «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаковго жана "НУР ТВ" телеканалынын кабарчысына да күч колдонуу аракети болгон.
Ош ШИИБнын маалыматына таянсак, 2018-жыл аралыгында Ош шаарынын аймагындагы көмүскө кумарканаларды уюштургандыгына шектүү катары 8 жай аныкталган. Алардын арасында «Де люкс» жайы боюнча эки ирет «Жашыруун кумарканаларды уюштуруу» боюнча дагы эки ирет шектүү катары катталган. Алардын баарына атайын экспертиза «кумар ойноочу жай эмес» деген мазмундагы жыйынтык чыгарып берген. Андан соӊ, бул мекемелердин айрымдары көзөмөл органдарына «милиция кызматкерлери жеке ишкерлерге тоскоол болуп жатышат» дешип арыз жазышкан. Бул багытта аталган жайларды текшерүүгө алган кызматкерлердин үстүнөн дагы текшерүүлөр болуп жатат.
Быйылкы жылы дагы «Де люкс» мекемесинин үстүнөн Жазык кодексинин 212-беренесинин талаптарына ылайык 18-мартта Ош ШИИБнын кылмыштарды жана жоруктарды каттоо бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери жүрүп жаткан. Бүгүнкү окуялар боюнча дагы тиешелүү маалыматтар топтолуп, иликтөөлөр башталды. Андан сырткары журналисттердин милдетин аткаруусуна тоскоол болуп, күч колдонгондугу боюнча дагы өз алдынча иликтенмекчи. Журналисттер арыз менен кайрылыша элек. Бирок массалык маалымат каражаттарына жарык көргөн материалдардын негизинде иликтөө улантылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Борончу Кудайбергенов  МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Борончу Кудайбергенов МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
 ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?