Жүздөгөн үй авариялык абалга келди

8-Май 2017, Дүйшөмбү

Чоң-Алай районунда жер титирөөдөн кийин жалпысынан 959 турак үй изилденип, жүздөгөн үй авариялык абалга келгени аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук комиссия 5-майда жер титирөөнүн кесепеттерин аныктоо максатында изилдөө иштерин жүргүзүшүп, төмөнкүлөрдү аныкташкан.

Жекенди айыл аймагында жалпысынан 959 турак-үй изилденип, анын ичинен алдын ала 106 үй 1-категорияга, 201 турак үй 2-категорияга, 295 турак үй 3-категорияга, 353 турак үй 4-категорияга, 4 үй 5-категорияга киргизилген. Бул көрсөткүчтөр 3-май жана 5-май күнү болгон жер титирөөнүн кесепетинен болгон.

Кара-Мык айылы: 21 үй 1-категорияга, 76 турак үй 2-категорияга, 112 турак үй 3-категорияга, 164 турак үй 4-категорияга, 4 үй 5-категорияга киргизилген.

Кара-Тейит айылы:13 турак үй 2-категорияга, 54 турак үй 3-категорияга, 90 турак үй 4-категорияга киргизилген.

Шибээ айылы: 6 үй 1-категорияга, 41 турак үй 2-категорияга, 47 турак үй 3-категорияга, 21 турак үй 4-категорияга, киргизилген.

Жекенди айылы: 79 үй 1-категорияга, 33 турак үй 2-категорияга, 39 турак үй 3-категорияга, 34 турак үй 4-категорияга киргизилген.

Чулук айылы: 38 турак үй 2-категорияга, 43 турак үй 3-категорияга, 44 турак үй 4-категорияга. киргизилген

«ӨКМден бөлүнгөн 5 орунду 300 даана чатырдын, Шибэ айылына 21 даана, Жекенди айылына 33 даана, Чулук айылына 38 даана, Кара-Тейит айылына 90 даана жана Карамык айылына 118 даана чатыр куткаруучулар тарабынан тигилип берилген. Ага 4-5-май күндөрү 5 орунду 300 чатырга 300 үй-бүлө жайгаштырылган. Андан сыркары ӨКМден 250 даана чатыр бөлүнгөн. Жалпысынан 550 даана чатыр бөлүнгөн. Медицина кызматы тарабынан жер титирөөдөн коркуп калган 810 адамды текшерүүдөн өткөрүп, 2 адам райондук ооруканага жаткырылган», - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 3-май күнү саат 10:47де Тажикстандын аймагында очогунда 7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ошол эле учурда Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Шибе, Карамык жана Кара-Тейит айылдарында 6 баллга жеткен. Ал эми 3-майдан бери Чоң-Алай районунда түрдүү магнитудадагы 16 жер титирөө катталган болсо, анын 8и төрт баллдан жогору болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!