Жээнбеков өлкөнүн Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды

Жээнбеков өлкөнүн Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды
13-Май 2019, Дүйшөмбү, 17:00

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-майда өлкөнүн Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды.

Президенттик аппараттан маалымдашкандай, мамлекеттик органдарда жана укук коргоо тутумдарында мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча 2018-жылы жана 2019-жылдын 1-кварталындагы прокуратура органдарынын күндөлүк ишмердиги жөнүндө маселелер талкууланды.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Коопсуздук кеңештин 2018-жылдын 8-февралындагы жана 2019-жылдын 30-январындагы чечимдерин аткаруу, Президентке караштуу Сот реформасы боюнча Кеңештин 2018-жылдын 17-майындагы жана 27-декабрындагы чечимдерин жана “Сот реформасын жүргүзүүнүн алкагында көрүлүп жаткан айрым чаралар жөнүндө” президенттин 2018-жылдын 22-майындагы Жарлыгын ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков мындан ары да мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү күчөтүүнүн, ошондой эле жаңы жазык-укуктук мыйзамдарда көрсөтүлгөн чараларды толук көлөмдө ишке ашыруунун маанилүү экенин белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!