Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

 Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди
14-Май 2019, Шейшемби, 10:10

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда президенттик аппараттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардагы салык режими боюнча салыктык укук мамилелерин жөнгө салууну жакшыртуу.

Мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.

Белгилей кетсек, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 4-апрелде кабыл алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!