“КТ Мобайл” компаниясында эң жогорку айлык маяна 157 миң сомду түзөт

“КТ Мобайл” компаниясында эң жогорку айлык маяна 157 миң сомду түзөт
14-Май 2019, Шейшемби, 13:28

“КТ Мобайл” компаниясында эң жогорку айлык маяна 157 миң сомду түзөт. Бул тууралуу “КТ Мобайл” компаниясынын директорунун орун басары Эрназар Имакадыр уулу билдирди. Анын айтымында, социалдык тармактарда директордун орун басары 300 миң сом айлык алат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

“Социалдык тармактарда биздин айлык маяна боюнча маалыматтар тарап жатат. Мен расмий түрдө айткым келет, бизде маянанын жогорку суммасы 157 миң сомду түзөт. Эң аз айлык 18 миң сом, орточо айлык 35-40 миң сомду түзөт. Бул жерден сиздер телекоммуникациянын рыногунда эң чоң атаандаштык бар экенин түшүнүшүңүздөр керек. Кызматкерлердин иш сапатына, айлык маянасына акчаны аео – акылсыздык. Башкача айтканда, аз айлыкка сапаттуу иштешпейт”

“Кыргыз телекомго” караштуу “КТ Мобайл” компаниясы 2003-жылы негизделген. Компанияны ишке киргизүү үчүн өткөн жылдын 3-ноябрында аукцион жарыяланып, “Мегаком” бренди менен таанымал “Альфа Телеком” жабык акционердик коому утуп чыккан. “КТ Мобайл” компаниясы GSM стандартындагы жыштыкты пайдаланууга лицензиясын алган. Бирок учурда эки компаниянын ортосунда пикир келишпестик жаралып, иш токтоп турат. Келишимге ылайык, «Мегаком” компаниясы 345 млн. сом төлөп берип, компаниянын иши жанданмак. Иштин создукканына “КТ Мобайл” өз алдынча уюлдук оператор болууну көздөп жатканы себеп болууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР