«Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилди

«Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилди
14-Май 2019, Шейшемби, 14:53

Президент Сооронбай Жээнбеков «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдарын жакшыртуу жана Жазык-процесстик кодексинин 123-беренесинин 15-бөлүгүндө камтылган ченемди жүзөгө ашыруу.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Мыйзамы жаңы 392-берене менен толукталды, анда камакка алынган баалуу кагаздарды жоюу, алар боюнча кирешелерди төлөө, аларды конвертациялоо, алмаштыруу боюнча аракеттерди же алар менен башка аракеттерди жасоонун тартиби аныкталды.

"Кабыл алынган Мыйзамга ылайык, баалуу кагаздарды камакка алууда аларды конвертациялоо, алмаштыруу, жоюу жана алар менен башка аракеттер камакка алуу жөнүндө чечим жокко чыгарылганга чейин токтотулуп турат. Эгерде баалуу кагаздар камакка алынганда, шектүү, айыпталуучу баалуу кагаздардын менчик ээси болгон учурда, менчик ээсине кирешелерди төлөө камакка алуу жөнүндө чечим жокко чыгарылганга чейин токтотулуп турат",- деп айтылат маалыматта.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 4-апрелде кабыл алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!