Асыл тукум мал чарбалары мамлекеттик колдоого алынат

Асыл тукум мал чарбалары мамлекеттик колдоого алынат
14-Май 2019, Шейшемби, 15:35

Бүгүн, 14-майда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин жыйынында “Кыргызстандын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мыйзам долбоору боюнча Айыл чарбасы, тамак-аш өнөржайы жана мелирация министринин орун басары Жаныбек Керималиев баяндама жасады.

Мыйзам долбоору өлкө аймагындагы асыл тукум мал чарбаларын колдоого багытталган. Мыйзам долбоорун 1-окууда кароодо депутаттар Айтмамат Назаров менен Асылбек Жээнбековдон колдонуудагы мыйзамдын негизги түшүнүктөрүнө геномдук селекцияны кошуу боюнча сунуштарын беришкен. Геномдук селекция – бул малдын генотибин тактоо. Ал гендердин варианттары менен чарбалык пайдалуу белгилердин ортосундагы өз ара байланышты табууга, азыктуулук сапаттарынын баалуу белгилеринин популяциясын аныктоого жана бекемдөөгө, селекцияны максаттуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Ошону менен катар эл өкүлдөрүнүн сунушу менен асыл тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусун алган асылдандыруу ишинин субьектилерин мамлекеттик колдоо мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылоо жолу менен өкмөт тараптан аныкталуучу тартипте жана шартта ишке ашырылары белгиленген.

Талкууда депутат Алмазбек Акматов өлкөдөгү асыл тукум мал чарбаларын өнүктүрүүнүн концепциясы иштелип чыгышы зарылдыгын баса белгиледи.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев асыл тукум чарбалары өнүктүрүү, колдоо иш-чаралары колго алына баштагандыгын маалымдады. Ошону менен катар эӊ алды менен илимий базасы болгон алдыӊкы чарбалар колдоого алынаары айтылды. Геномдук селеция Агрардык университетте жүргүзүлө баштаганы, «Манас» эл аралык университетинде дагы мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилүү болду.

Бүгүнкү күндө азайып бараткан Ала-Тоо пародасындагы уйларды көбөйтүү боюнча Агрардык университет менен биргеликте иштер жүргүзүлөрү, Тянь-Шань, Алай пародасындагы койлорду көбөйтүү максатталып жаткандыгы кошумчаланды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 3-окууда жактырылып, Жогорку Кеӊештин кароосуна сунушталды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду