Бишкекте монолиттик биметаллдык радиоторлорду чыгаруучу завод ачылды

Бишкекте монолиттик биметаллдык радиоторлорду чыгаруучу завод ачылды
14-Май 2019, Шейшемби, 18:20

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев монолиттик биметаллдык радиоторлорду чыгаруучу заводдун ачылыш аземине катышып, өндүрүштүк базасы жана чыгарылган продукциялардын үлгүлөрү менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, атамекендик экономиканы өнүктүрүүдө инвестициялар жана жаңы өндүрүштү ачуу маанилүү роль ойнойт, алар – туруктуулуктун жана инвестициялык жагымдуулуктун күбөсү.

«Өкмөттүн эң башкы милдеттеринин бири – бул жаңы жумуш орундарын түзүү, эмгек акыны, социалдык жөлөкпулдарды жана пенсияларды жогорулатуу. Өлкөдө өткөн жылы бир катар ири, орто жана чакан ишканалар ачылып, 77 миңден ашуун иш ордун түзүүнү шарттаган. Ошентип, өндүрүштү өнүктүрүү менен биз Кумтөр кенинин өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн көз карандылыкты азайтуу үчүн шарттарды түзүп жатабыз. Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө суроо-талап бар, экспортко багытталган өндүрүшкө басым жасоо керек», – деди Абылгазиев.

Премьер-министр эскерткендей, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча атамекендик ветеринардык тутум Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына эквиваленттүү деп таанылган.

«Биз инвесторлорду колдоп, мындай өндүрүштөр көп болушу үчүн алардын маселелерин чечүүдө көмөктөшүүгө тийишпиз», – деп ырастады Абылгазиев.

Завод менен таанышкан соң Абылгазиев тармактык министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине өндүрүштү толук кубаттуулукта ишке киргизүүгө ар тараптуу аракеттешүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, «Бишкек» Эркин экономикалык аймагында жайгашкан монолиттик биметаллдык радиоторлорду чыгаруучу заводдун Борбор Азия боюнча аналогу жок. Заводдо куюучу цех, механикалык цех, боёо цехи, таңгактоо цехи жана даяр продукциянын кампасы бар. Толук кандуу ишке берилгенде завод 500дөн ашуун жумуш ордун түзөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
 Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
 Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
 Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду