Жээнбеков Кытайдын коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжини кабыл алды

Жээнбеков Кытайдын коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжини кабыл алды
15-Май 2019, Шаршемби, 10:22

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 14-майда ШКУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Кытайдын коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжини кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Кытай менен эки тараптуу кызматташууга чоң маани бере турганын белгиледи.

«Кытайдын жетишкендиктерине Кыргызстан ар дайым чын ниеттен кубанат. Өткөн жылдын июнь айында биз мамилелерибизди ар тараптуу стратегиялык кызматташтык деңгээлине чыгардык. Биздин ортобуздагы достукка, ынак кошуналыкка жана өз ара ишенимге негизделген жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу толук түшүнүшүү бар», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал Кыргызстанга Кытайдын коргоо министри келип кеткенин, жакында Тышкы иштер министринин келиши күтүлүп жатканын эске салды. Председатель Си Цзиньпиндин жооп иретинде Кыргызстанга визит менен келиши эң маанилүү иш-чара болуп калат.

«Визит эң жогорку деңгээлде өтүп, кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын тереңдетүүгө өбөлгө болоруна ишенем», — деп белгиледи Президент.

Жолугушууда жамандыктын үч күчүнө — терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы туруу, региондогу коопсуздукту биргелешип бекемдөө маселелери боюнча пикир алмашуулар болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР