Чоң Чүй каналына 9 жаштагы бала чөгүп кетти

Чоң Чүй каналына 9 жаштагы бала чөгүп кетти
15-Май 2019, Шаршемби, 11:02

Чоң Чүй каналына 9 жаштагы өспүрүм бала чөгүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-майда саат 17:46 чамасында ГЭС-2 айылынын Гоголь көчөсүндө Чон Чүй каналына 2010-жылы туулган А у. А. аттуу бала чөгүп кеткен.

"Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМнин №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, саат 18:32де баланын сөөгүн суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен",- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР