Ош-Стамбул каттамы кайра ишке кириши ыктымал

Ош-Стамбул каттамы кайра ишке кириши ыктымал
15-Май 2019, Шаршемби, 12:46

Жогорку Кеӊеште кыргыз-түрк өкмөттөрүнүн ортосундагы аба каттамдарын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол жөнүндө ратификациялык мыйзамдын долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Транспорт жана жол министринин орун басары Жеӊишбек Ногойбаевдин айтымында, жогоруда аталган келишимдин алкагында Ош – Стамбул авикаттамын ачуу демилгеси каралууда.

«Түрк тарап зарыл документтердин баарына кол койду, эми аны кыргыз тарап ратификациялоого тийиш», - деди ал.

Андан тышкары, министрликтин өкүлү Кыргызстанды «кара тизмеден» чыгарып, Европа өлкөлөрүнө учуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

«2006-жылы Кыргызстан «кара тизме» киргизилген. Азыр эл аралык уюмдун койгон талаптарынын баары аткарылды, эми алардын чечимин күтүп жатабыз. Бул маселе оӊ чечилет деген ойдобуз», - деди ал.

Депутаттар бул өтө маанилүү келишим экенин, айрыкча ишкерлерге оӊ таасирин тийгизе турганын белгилешти. Алардын пикиринде, тезинен «кара тизмеден» чыгып, авиакаттамдар жаатында атаандаштык жаратуу зарыл.

Белгилей кетсек, ушу тапта түрк тарап Бишкек – Стамбул авиакаттамы боюнча аптасына 10 каттам жасоодо. Ал эми кыргыз тараптын авиакаттамдары жокко эсе. «Эйр Кыргызстан» компаниясынын жалгыз гана жарактуу учагы бар. Азыр ушул келишимдин алкагында мурда жабылып калган Ош – Стамбул каттамын кайра жандандыруу жаатында аракеттер жасалууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР