Абылгазиев: "Аял – эң ириде өмүрдүн, сүйүүнүн жана боорукерликтин алып жүрүүчүсү"

Абылгазиев:
15-Май 2019, Шаршемби, 14:52

«Аял – эң ириде өмүрдүн, сүйүүнүн жана боорукерликтин алып жүрүүчүсү, бекем жана бактылуу үй-бүлөнүн өзөгү», – деп билдирди Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-өлкөлөрүнүн Экинчи Аялдар форумунун жүрүшүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришии

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күнү адамзаттын алдында экология, жакырлык, демография, жумушсуздук, миграция жана качкындар маселеси сыяктуу жаңы чакырыктар келип чыкты. Ошондой эле анын айтымында, глобалдаштыруу процесси улуттук өзүнчө бир маданиятты, каада-салттарды жана дүйнө элинин тилдерин сактоо үчүн олуттуу коркунуч жаратууда.

«Дүйнөлүк өнүгүүнүн бардык терс факторлору кырдаалга салмактуу баа берүүнү жана маселелерди чечүү үчүн ШКУ өңдүү эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында күчтөрдү консолидациялоону талап кылат. Буга байланыштуу көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүүдөгү аялдардын тарыхый жана социалдык ролун белгилеп кетким келет», – деди Абылгазиев.

Буга байланыштуу премьер-министр баса белгилегендей, ШКУ коопсуздук, экономика, маданий жана гуманитардык байланыштар чөйрөсүндө жемиштүү кызматташтыктын мисалы болуп саналат.

«Индия жана Пакистандын ШКУга кириши менен бул уюмдун географиясы Евразиянын үчтөн бирин түзөт, анын аймагында дүйнө жүзүнүн калкынын 43% же 3 миллиарддан ашуун адам жашайт. ШКУ мамлекеттеринин ИДПсы дүйнөлүк деңгээлдин 20% түзөт же 15 триллион доллар. Ал эми өлкөлөрдүн экономикасы орточо 5%га өсүүдө», – деп белгиледи ал.

Премьер-министр кошумчалагандай, Кыргызстан быйылкы жылдагы ШКУдагы төрагалыгы алкагында жана уюм түзүлгөн учурдан тартып анын келечектүү калыптануусуна татыктуу салым кошуп келет.

Өкмөт башчы ШКУ мүчө-өлкөлөрүнүн орун алуусуна жеке салымын кошкон көрүнүктүү аялдарга токтолду. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаеванын заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдөгү ролун белгилеп өттү.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Мэйвезер Хабиб менен таймашууну суранууда
​Мэйвезер Хабиб менен таймашууну суранууда
Айпери Кубик кызы эмнеден корко турганын айтты
Айпери Кубик кызы эмнеден корко турганын айтты
Бактыгүл Бадыева: Теринин өңүн жакшыртып, иммунитетти чыңдайт
Бактыгүл Бадыева: Теринин өңүн жакшыртып, иммунитетти чыңдайт
96 жаштагы ардагер дүйнөлүк рекорд койду (видео)
96 жаштагы ардагер дүйнөлүк рекорд койду (видео)
Курал Чокоев менен Мээрим Атантаева Россиянын сериалына тартылууда
Курал Чокоев менен Мээрим Атантаева Россиянын сериалына тартылууда
Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген өзбек жараны кармалды
Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген өзбек жараны кармалды
Актриса Асема кош бойлуу экенин сүйүнчүлөдү
Актриса Асема кош бойлуу экенин сүйүнчүлөдү
​Африка Кубогун Алжир курама командасы жеңип алды
​Африка Кубогун Алжир курама командасы жеңип алды
Ырчы Анжеликага ким унутулгус гүлдесте белек кылды?
Ырчы Анжеликага ким унутулгус гүлдесте белек кылды?
ЕРӨБ Токтогул ГЭСин реаблитациялоого каражат бөлөт
ЕРӨБ Токтогул ГЭСин реаблитациялоого каражат бөлөт
​“Эл аралык бокс күнү”: Кызыл аянтта рекорд жасалат
​“Эл аралык бокс күнү”: Кызыл аянтта рекорд жасалат
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды