Президент ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчылары менен жолугушту

Президент ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчылары менен жолугушту
15-Май 2019, Шаршемби, 16:20

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-майда Бишкекке ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын 14-жыйынына катышуу үчүн келген Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчылары менен жолугушту.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, мамлекет башчысы быйыл Кыргызстан ШКУга төрагалык кылып жатканын эске салды.

«Бишкекте ШКУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйынын өткөрүү Кыргызстан үчүн гана эмес, уюмга кирген бардык өлкөлөр үчүн абдан маанилүү. ШКУнун бардык өлкөлөрү коопсуздук маселесин көңүл борборунда кармоосу зарыл. Учурда дүйнөдө глобалдык айрым терс процесстер жүрүп жатат. Алар чакырыктарды жана коркунучтарды жаратып, ШКУнун аймагына туруксуздукту алып келүү коркунучуна ээ», — деп белгиледи Жээнбеков.

Мамлекет башчысы баса белгилегендей, аймакта жарандарды террористтик ишмердүүлүккө тартуу көйгөйү абдан курч болуп турат.

«Бул жарандардын тынчтыкта, эртеңки күнгө ишенимдүү жана жагымдуу атмосферада өнүгүүсүнө тоскоолдук кылууда. Алардын максаты биздин өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына толугу менен карама-каршы келет. Заманбап чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүүдө бир кылка жана системалуу иштөө аркылуу маанилүү жыйынтыктарга жетишүүгө болот. Биргелешкен жана бирдиктүү аракет керек», — деп баса белгиледи Президент.

Ал жогорку деңгээлдеги кызматташтык координациясы ШКУ мамлекеттеринин коопсуздукту курууда конкреттүү жыйынтыктарды алып келээрине ишенимин билдирди. Коопсуздук кеңештердин катчыларынын кезектеги жыйыны быйылкы жылы Бишкекте июнда өтүүчү башкы ШКУ саммитин ийгиликтүү уюштуруу үчүн бекем негиз катары кызмат кылат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Мэйвезер Хабиб менен таймашууну суранууда
​Мэйвезер Хабиб менен таймашууну суранууда
Айпери Кубик кызы эмнеден корко турганын айтты
Айпери Кубик кызы эмнеден корко турганын айтты
Бактыгүл Бадыева: Теринин өңүн жакшыртып, иммунитетти чыңдайт
Бактыгүл Бадыева: Теринин өңүн жакшыртып, иммунитетти чыңдайт
96 жаштагы ардагер дүйнөлүк рекорд койду (видео)
96 жаштагы ардагер дүйнөлүк рекорд койду (видео)
Курал Чокоев менен Мээрим Атантаева Россиянын сериалына тартылууда
Курал Чокоев менен Мээрим Атантаева Россиянын сериалына тартылууда
Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген өзбек жараны кармалды
Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген өзбек жараны кармалды
Актриса Асема кош бойлуу экенин сүйүнчүлөдү
Актриса Асема кош бойлуу экенин сүйүнчүлөдү
​Африка Кубогун Алжир курама командасы жеңип алды
​Африка Кубогун Алжир курама командасы жеңип алды
Ырчы Анжеликага ким унутулгус гүлдесте белек кылды?
Ырчы Анжеликага ким унутулгус гүлдесте белек кылды?
ЕРӨБ Токтогул ГЭСин реаблитациялоого каражат бөлөт
ЕРӨБ Токтогул ГЭСин реаблитациялоого каражат бөлөт
​“Эл аралык бокс күнү”: Кызыл аянтта рекорд жасалат
​“Эл аралык бокс күнү”: Кызыл аянтта рекорд жасалат
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды