Султанов жана Дыйканбаев жаны кызматка дайындалышты

Султанов жана Дыйканбаев жаны кызматка дайындалышты
15-Май 2019, Шаршемби, 17:17

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ТИМдин борбордук аппаратынын жамаатына премьер-министрдин буйругу менен дайындалган “Кыргыздипсервис” Мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын жаңы Башкы директорун – Талант Султановду тааныштырды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Султанов буга чейин Тышкы иштер министрлигинин Административдик иштер департаментинин Директору кызматын аркалап келген.

Ошондой эле министр Айдарбеков министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына Маалымат департаментинин жаңы Директорун- ТИМдин расмий өкүлүн - Уланбек Дыйканбаевди тааныштырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР