​Кыргыз-тажик чек арасында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

​Кыргыз-тажик чек арасында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
16-Май 2019, Бейшемби, 10:25

Кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 15-майда саат 23:09да кыргыз-тажик чек арасында очогунда күчү 3 баллга чейин жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР