Бекешев: Айрым айдоочулар айып пулдан кутулуу үчүн жасалма номер тага баштады

Бекешев: Айрым айдоочулар айып пулдан кутулуу үчүн жасалма номер тага баштады
16-Май 2019, Бейшемби, 12:34

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеӊештин жыйынында «Коопсуз шаар» долбооруна байланышкан көйгөйлөр көтөрүпдү. Депутат Дастан Бекешов айрым айдоочулар айып пулдан кутулуу үчүн уунааларына жасалма номерлерди тага баштаганын айтты.

“Бизде акыркы учурда айдоочулар жасалма номерлерди тага баштады. Литва, Грузия, Орусиянын авто номерлери көп кездеше баштады. Кээ бирлери атайын жасалма номерлерди алышат. Базарга барып утилизация болгон, тетиктерге сатылганунаалардын техникалык папортторун алышып, жасалма номер менен жүрүшөт. Себеби, жасалма номер менен жүрсөң, видеокамерага түшпөйсүң, айып пул келбейт. Менин оюмча, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана башка тиешелүү мамлектик органдар чара көрүш керек” – деди эл өкүлү.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети “Коопсуз шаар” долбоорунун алгачы этабын ишке ашыруу үчүн орусиялык “Вега” компаниясы менен кол коюшкан. Долбоор 12-февралда ишке кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР