Жээнбеков Ысык-Көлдөгү фермердик чарбанын иши менен таанышты

Жээнбеков Ысык-Көлдөгү фермердик чарбанын иши менен таанышты
16-Май 2019, Бейшемби, 14:42

Бүгүн, 16-майда президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы «Капар уулу Улан» фермердик чарбасына барды жана Дүйнөлүк Банктын «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорунун алкагында аткарып жаткан иши менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Долбоордун жетекчиси Төрөгул Беков жана чарба жетекчиси Уланбек Дыйканов маалымдагандай, Ысык-Көл облусунда «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоору 2018-жылдан бери ишке ашырылууда. Анын максаты — сүт багытындагы уйлардын азыктуулугун жана сүт чогултуу борборлорунда сүттүн сапатын жогорулатуу.

Долбоордун биринчи компоненти боюнча — сүт секторундагы мамлекеттик жана жеке кызматтарды күчөтүүгө бардыгы болуп 1,140 млн доллар бөлүнгөн. Анын ичинен 550 миң доллары Балыкчы жана Каракол шаарларындагы аймактык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборлорун колдоого, 200 миң доллар сүт багытындагы уйлардын асыл тукумдуулугун жогорулатуу, уйларды жасалма жол менен уруктандырууну жайылтууга көмөк көрсөтүүгө берилген.


Долбоордун экинчи компонентинин алкагында (1,140 миң доллары) сүт багытындагы уйлары бар 6 000 кичи фермерлер мал чарбасын туура алып баруу жана фермердик чарбаны башкаруу боюнча окутуудан өткөрүлөт.

Үчүнчү компонент (2,120 млн доллар) Айланма фонд күрөөсүз жана эркин пайыздуу насыяларды кичи дыйкандарга жана сүт алуучуларга сүт өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында бодо мал, материалдар жана чакан жабдууларды сатып алуу үчүн камсыздайт.


Бардык компоненттер боюнча айылдарда фермерлерди окутуу жүрүп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков ушул сыяктуу долбоорлор региондордун жашоочуларын колдоп, аларды ишкерлик менен алектенүүгө шарт түзөт жана мал чарбасындагы жаңы технологияларды үйрөтө турганын, айылдын жана бүтүндөй мамлекеттин өнүгүшүнө абдан чоң салым кошорун канааттануу менен белгиледи. Ал долбоорду ишке ашырууда жана фермердик чарбаларды өнүктүрүүдө ийгиликтерди каалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду