"КТ Мобайл" "Salam" бренди менен бир айдын ичинде ишке кирет

16-Май 2019, Бейшемби, 15:28

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, «Альфа Телеком» ЖАКтын жана «Кыргызтелеком» ААКнын жетекчилери менен «Альфа Телеком» ЖАК жана «КТ Мобайл» ЖЧК ортосунда кызматташтыктын талаш маселелерин жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча «Альфа Телеком» ЖАК «КТ Мобайл» менен жыштыктарды биргелешип колдонуу боюнча кызматташууну улантат. Ал «Кыргызтелеком» ААКнын туунду компаниясы. Бул өнөктөштүктүн алкагында жакынкы айларда виртуалдык оператор түзүү долбоорун ишке киргизүү пландаштырылган. Бул үчүн «Альфа Телеком» ЖАК өзүнүн техникалык базасын берип, таяныч оператору болот.

Абылгазиев баса көрсөткөндөй, ал эки мамлекеттик компаниянын кызматташуу идеясын колдойт, анткени алар өлкөнү санариптештирүү саясатын илгерилетүүнүн негизги инфратүзүмдүк локомотиви болушу керек. Бул өлкө боюнча, анын ичинде эң алыскы жана жетүү кыйын болгон калктуу аймактарда уюлдук түйүндүн камтуу аймагын кыйла кеңейтип, компаниянын абоненттеринин кызыкчылыгында жогорку ишенимдүү байланышты камсыз кылат.

Мындан тышкары премьер-министрдин айтымында, бул сыяктуу өнөктөштүк өлкөнүн ири салык төлөөчүлөрүнүн бири болгон «Альфа Телеком» ЖАК компаниясынын кирешелүүлүгүнө оң таасир берет.

Кеңешмеде биргелешкен ишмердүүлүктөн түшкөн киреше «Альфа Телеком» ЖАК пайдасына – 67%, ал эми «КТ Мобайл» үчүн – 33% принциби боюнча бөлүштүрүлөт.

«Альфа Телеком» ЖАК «КТ Мобайл» ЖЧКсы менен жыштыктарды биргелешип пайдалануу жөнүндө уюлдук операторлор арасындагы аукциондун жеңүүчүсү болгон. Талаш маселелер чечилген соң тараптар кызматташтыкты улантышты. «Альфа Телеком» ЖАК Кыргызстандын рыногунда «Salam» бренди менен төртүнчү уюлдук байланыш операторун бир айдын ичинде ишке киргизүү милдетин өзүнө алды.

Айта кетсек, кечээ, 15-майда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев "Кыргызтелекомго" таандык "КТ Мобайл" компаниясынын артында ким турарын иликтеп жана ал компанияда иштеген кызматкерлердин айлык маянасы боюнча атайын комиссия түзүүнү сунуштаган.

http://zaman.kg/sayasat/20671/zhanar-akaev-kt-mobajl-kompanijasynyn-artyna-kim-turgandygyn-teksherish-kerek-video-

Ошол эле күнү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каржаттарынын бири кыргыз өкмөтү «Ачык өкмөт» эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев (Эрназар Иманкадыр уулунун атасы – ред.) премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы экендигин ырастаган жазып чыкты.

Бүгүн, 16-майда «КТ Мобайл» ишканасынын жетекчисинин орун басары Эрназар Иманкадыр уулу (Рысалиев) өзү жазган арызынын негизинде кызматтан кетти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Өмүрбек Бабанов Финполго сурак берүү үчүн барды
Өмүрбек Бабанов Финполго сурак берүү үчүн барды
ИИМ: Батукаевдин жактоочусу кызыктар тараптан акча алган
ИИМ: Батукаевдин жактоочусу кызыктар тараптан акча алган
Назира Айтбекова: “Авам, тарыхта калаарыңызды билесизби?..”
Назира Айтбекова: “Авам, тарыхта калаарыңызды билесизби?..”
Эгиздердин фестивалына эл көп келди
Эгиздердин фестивалына эл көп келди
Ич көпкөндү алдын алуучу суусундук
Ич көпкөндү алдын алуучу суусундук
20-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
20-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Макияждагы жаңы тенденция
Макияждагы жаңы тенденция
Жаңы клип: “Жеңелер”
Жаңы клип: “Жеңелер”
Өкмөт жол эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн азайтууну колдойт
Өкмөт жол эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн азайтууну колдойт
Лионель Мессинин жаракаты калыбына келди
Лионель Мессинин жаракаты калыбына келди
Эгерде жашооңуз татаалдашып жатса, төмөнкү кеңештерге кулак түрүңүз!
Эгерде жашооңуз татаалдашып жатса, төмөнкү кеңештерге кулак түрүңүз!
Чүй облустук соту Садыр Жапаровдун арызын  канааттандырган жок
Чүй облустук соту Садыр Жапаровдун арызын канааттандырган жок
ИИМ:Баабиевдин массалык башаламандыкка​ катыштыгы бардыгы такталды
ИИМ:Баабиевдин массалык башаламандыкка​ катыштыгы бардыгы такталды
Разаков укук коргоо органдарынын маалымат базасын өркүндөтүүнү тапшырды
Разаков укук коргоо органдарынын маалымат базасын өркүндөтүүнү тапшырды
​
​"Алтын топ" сыйлыгынын ээси биринчи жолу кызыл карточка алды (видео)
Самара Каримованын концертине билет 10 миң рубль
Самара Каримованын концертине билет 10 миң рубль