Президент Түп районунун жашоочулары менен жолугушууда

Президент Түп районунун жашоочулары менен жолугушууда
16-Май 2019, Бейшемби, 16:20

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-майда Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Түп районунун жашоочулары менен жолугушууда. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы мамлекет тарабынан өлкөнү өнүктүрүүнүн жаӊы стратегиялык багыттары белгиленгенин айтып, реформалар жана долбоорлор жөнүндө айтып берди. Алар — аймактарды өнүктүрүү, жергиликтүү ишкерликти колдоо, өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу, өлкөнүн финансылык институттарынын каражаттарын аймакка буруу ж. б.

Президент мамлекет аймактарды өнүктүрүүдө бардык аракеттерди көрүп жатканын, эми жергиликтүү бийлик инвестицияларды тартуу боюнча активдүү иш жүргүзүшү керектигин белгиледи.

«Инвестицияларды тартуу жана жаңы жумушчу орундарды түзүү — жергиликтүү бийликтин ишмердигин баалоодогу негизги критерий», — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Ал белгилегендей, аймактарды өнүктүрүү — бул социалдык объектилерди гана куруп тим болбостон, калктын аярлуу катмарларына жардам берүү, мамлекеттен гана күтүп отурбастан, райондордогу жергиликтүү коомчулукту мобилизациялоо.

Мындан тышкары, Жээнбеков ишке ашырылып жаткан улуттук долбоорлорго токтолду. Буларга Мамлекеттик ирригация программасынын ишке ашырылышы, Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясы, Турак жай мамлекеттик ипотекалык программасы, стратегиялык мааниси бар «Түндүк-Түштүк» альтернатива жолунун курулушу, энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу, экологиялык таза продукцияны өндүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана спорт багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу.

Ошондой эле президент сот системасын, укук коргоо органдарын реформалоонун негизги багыттарын, коррупция менен системалык күрөш, тышкы саясат багытындагы жүргүзүлүп жаткан жана алдыда боло турчу иштер, санариптештирүү жылында аткарылган жана аткарыла турчу долбоорлор жөнүндө айтып берди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР