Жээнбеков:"Кызыл-Омподогу окуя жөн жерден саясатташып кетти"

Жээнбеков:
17-Май 2019, Жума, 16:49

Бүгүн, 17-майда Балыкчы шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда президент Сооронбай Жээнбеков:“Кызыл-Омподогу окуя жөн жерден саясатташып кетти. Анын артында кимдер турганын билебиз. Ысык-Көлдө туристтик сезон башталып, даярдык көрүп жаткан кезде дүрбөлөң салуу - туризм тармагына балта чапкандай эле болду. Өкмөт дагы убагында реакция кылбай, ушундай кырдаалга келдик. Муну жөн жерден эле козгоп алдык, бул козголбой турган нерсе болчу”, - деп белгилегенин президенттик аппараттан кабарлашты.

Мамлекет башчысы Кызыл-Омполдо уран казуу маселеси коомдо кызуу талкууланып, эл кабатыр болгонун эске салып, уран казылбай турганын дагы бир жолу баса белгиледи.

Президент Кызыл-Омполдогу окуя кен казуу тармагындагы башаламандыктын далили деди.

“Президенттик кызматка киришкенден бери тоо-кен тармагына катуу талап кое баштадым. Лицензия берүүдө кадимки базардагыдай эле алып сатарлыкка жол берилип келген. Азыр бул боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 2018-жылы лицензия берүү тармагын кылдат анализдеп, инвентаризация кылуу сунушталган, мораторий жарыялаганбыз”, - деп белгиледи Жээнбеков.

Мамлекет башчысы учурда кум, шагыл, топурак казуу боюнча региондорго эң керектүү кендерге лицензия берилип жатканын, бирок чоң кендерге лицензия берүү токтотулганын айтты.

“Кыргызстандын кен байлыктары элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына кызмат кылышы керек. Биздин келечек таза экологияга байланышкан. Биз таза экологиялык азыктарыбыз менен дуйнөлүк атаандаштыкка туруштук бере алабыз. Аны өндүрүү жана сыртка сатыкка чыгаруу боюнча аракеттерди көрүп жатабыз. Кыргызстандын экологиясын сөзсүз таза сактап калабыз», - деп баса белгиледи Жээнбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Бишкек-Москва каттамындагы поезддин иши жаңыртылды
Бишкек-Москва каттамындагы поезддин иши жаңыртылды
Атамбаевдин кол тийбестигине  байланыштуу  арыз Конституциялык палатага жиберилди
Атамбаевдин кол тийбестигине байланыштуу арыз Конституциялык палатага жиберилди
​Владимир Кличко өлүмдөн кайтты (видео)
​Владимир Кличко өлүмдөн кайтты (видео)
​Караколдо 1,5 тонна ашлям-фу даярдалып, бекер таратылат
​Караколдо 1,5 тонна ашлям-фу даярдалып, бекер таратылат
Кунары качкан жерлерге мөмө-жемиш бактарын тигүүгө уруксат берилүүдө
Кунары качкан жерлерге мөмө-жемиш бактарын тигүүгө уруксат берилүүдө
​Неймар “Барселона” менен макулдашты
​Неймар “Барселона” менен макулдашты
​Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторуна арналган фестиваль өтөт
​Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторуна арналган фестиваль өтөт
​Эл аралык Олимпиада комитети 3 млрд долларга келишим түздү
​Эл аралык Олимпиада комитети 3 млрд долларга келишим түздү
Президент: Кыргызстан Казакстандагы өзгөчө кырдаалды жоюуга жардам берүүгө даяр
Президент: Кыргызстан Казакстандагы өзгөчө кырдаалды жоюуга жардам берүүгө даяр
Чолпон Талипбек жаңы ырына клип тартты
Чолпон Талипбек жаңы ырына клип тартты
Асел Кадырбекова: Үй-бүлөдө атаандаштык болбош керек
Асел Кадырбекова: Үй-бүлөдө атаандаштык болбош керек
Айсулуу Молдалиева атактуу дизайнердин үлпөт көйнөгүн тандаган
Айсулуу Молдалиева атактуу дизайнердин үлпөт көйнөгүн тандаган
Юлия Руцкая “Аппак сүйүү” менен үй-бүлө кургандардын башын бириктирет
Юлия Руцкая “Аппак сүйүү” менен үй-бүлө кургандардын башын бириктирет
Асема Токтобекова жашоо тууралуу эмне дейт?
Асема Токтобекова жашоо тууралуу эмне дейт?
Фарида Карбосова: Бир үйдүн жарыгы бир үйгө күйбөйт
Фарида Карбосова: Бир үйдүн жарыгы бир үйгө күйбөйт
Мирбек Атабеков атасын эскерип, концерт уюштурду
Мирбек Атабеков атасын эскерип, концерт уюштурду