Филармониянын алдында гүлдөн жана таштан "шырдак" төшөлдү

Филармониянын алдында гүлдөн жана таштан
20-Май 2019, Дүйшөмбү, 10:56

Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында гүлдөрдөн жана майда таштардан "шырдак" төшөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда "Бишкек жашылдандыруу чарбасы" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мекеменин кызматкерлери гүлдөн кыргыз оюуларын түшүрүп, анын сырттына атайын майда мрамор таштары менен кооздошкон.

"Учурда "Бишкекжашылчарба" ишканасынын кызматкерлери эн чоң объектиде иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.





Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!