Министр кырсык болгон аймактарга барды

8-Май 2017, Дүйшөмбү

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова Ош облусуна караштуу жер титирөөдөн жабыр тарткан Чоң-Алай районуна жана жер көчкүдөн жабыр тарткан Өзгөн районундагы жергиликтүү элден кабар алды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.

Министр жабыр тарткан жергиликтүү эл менен жолугушуп буларга токтолду.

"Биз азыркы учурда жабыр тарткандарга жана курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнүн документтерди чогултуу боюнча жардам берүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган социалдык жактан колдоо боюнча иштерди көрүп жатабыз. Мындан тышкары жапа чекендерге, балдарды убактылуу жайгаштыруу боюнча меселени чечип жатабыз»,-деди Исакунова.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!